Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:53

Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин дагы бир жолу кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы 8-февралда Фейсбуктагы расмий баракчасына үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилинде пост жазды.

Билдирүүсүнө Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге зордук-зомбулук болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарда өлкө жетекчилилерине кайрылуу кылган кенже сержант Жылдыз Асанакунованын видеосун чыгарды.

“Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет”, - деп жазды президент.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталбаганын билдирген.

Жылдыз Асанакунова №2028 аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу интернетте 6-февралда айтып чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылган.

Садыр Жапаров “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камакка алынган 11 журналист боюнча эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна 7-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине жооп берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айткан.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Бишкек шаардык соту бул токтомдорду күчүндө калтырды.

ИИМ “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG