Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Кылмыш-жаза кодексине фемицид боюнча өзүнчө берене киргизүүнү сунуштады.
Ага ылайык, бул кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жана милдеттүү түрдө мүлкүн конфискациялоо жазасын белгилөө каралган. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, эгер аял гендердик басмырлоодон улам киши колдуу болсо, кылмышты "фемицид" деп таануу керек.
Сунушталып жаткан документке ылайык, Кылмыш-жаза кодексине "Фемицид" деген 122¹-берене кошулууга тийиш. Бул кылмыш үчүн жазалоонун альтернативдүү жолдору болбойт, амнистия каралбайт деп жазылган.
Ошол эле учурда, учурдагы беренеден кош бойлуу аялды өлтүрүү же зордуктап өлтүрүү боюнча айрым пункттарды алып салуу сунушталууда. Бул кылмыштар фемицид боюнча жаңы берене менен каралууга тийиш деп пландалууда.
Демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова аялдарды коргоо боюнча иштеп жаткан азыркы механизмдер жетиштүү деңгээлде эффективдүү эмес деп эсептейт. Зомбулук көргөн кыз-келиндерге коргоо ордери берилгени менен тийиштүү деңгээлде иштебейт.
Коомдук талкууга чыккан документтин маалымкат негиздемесинде аялдар киши колдуу болгон учурлар көбөйүп баратканы мисал келтирилген.
Өзүнчө бөлүнүп жазылган катта "Фемицид" термини феминизмге же феминисттик кыймылдарга тиешеси жок экени белгиленген.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2024-жылы адам өлтүрүү фактылары боюнча 155 кылмыш иши козголгон, алардын 33дө жабырлануучулар аялдар болгон. 2025-жылы мындай иштердин саны 158ге жетип, анын ичинен 37 иш аялдарга каршы жасалган кылмыштар экени көрсөтүлгөн.
Шерине