Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

"Жашым 18-19да дешет экен". Зордуктоону тыюу боюнча депутаттын талаштуу сунушу

Кыздардын, аялдардын укуктарын коргоо талабы менен уюштурулган акция. Бишкек. Архив сүрөт.
Кыздардын, аялдардын укуктарын коргоо талабы менен уюштурулган акция. Бишкек. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңеште жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо сунушу айтылды. Депутаттар пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштады. Жыйында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришти.

Депутаттын сунушу Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу болду.

Талкуу маалында бул эки берене ар башка кылмыштарды камтый турганы белгиленди. 154-берене күч колдонуу, коркутуу же адамдын алсыз абалынан пайдалануу менен жасалган жыныстык катнашка тиешелүү болсо, 157-берене бойго жеткен адамдын 16 жашка толо элек өспүрүм менен "зордуктоо белгилери жок жыныстык мамилесин" жөнгө салат.

Айсаракан Абдибаеванын айтымында, азыркы мыйзам айрым учурда жаштарга өтө эле катаал жаза берүүгө алып келиши мүмкүн. Ал жакында каралган иштердин бирин мисал келтирип, сот бир жигитти 15 жылга эркинен ажыратканын айтты. Депутаттын сөзүнө караганда, кыз ага өзүн 19 жаштамын деп тааныштырган, мамиле эки тараптын макулдугу менен болгон. Кийинчерээк кыз 16 жашка чыга элек экени белгилүү болгон.

Айсаракан Абдибаева
Айсаракан Абдибаева

"Өспүрүмдөр өздөрү келип, "менин жашым 18-19да" деп айтышат, бирок кийин паспорту боюнча жашы жете элек болуп чыгып жатат. Андай учурда муну кантип аныкташ керек? Эгер жаш жигиттер ал кыздын жашы жете элек экенин билишсе, мындай жолго барышмак эмес да. Жашы жете элек экенин билбей туруп ушундай кылмышка барган болсо, сотторго да аны актоого мүмкүнчүлүк берилмек".

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева азыркы мыйзамдарда жабыркаган тараптын чыныгы жашын билген же билбегенине жараша өзүнчө жаза каралбаганын түшүндүрдү. Мындай иштерди кароодо сот бардык жагдайларды изилдеп, зарыл болсо экспертиза дайындайт. Ошол эле учурда өспүрүмдүн жашын билген эмес деп өзүнчө алып кароо мыйзамда жок:

Үмүткан Коңкубаева
Үмүткан Коңкубаева

"Билген же билбеген деп өзүнчө квалификация киргизүүгө мыйзам жол бербейт. Бул жерде сөз 16 жашка чыга элек өспүрүм тууралуу болуп жатат. Эгер ушундай учурлар болсо, азыр деле практикада колдонулат, атайын экспертиза дайындалат. Анда "Бул адам канча жашта болгон, болжол менен канча жаштагыдай көрүнөт?" деген маселелер каралат. Анткени адамдардын дене түзүлүшү, өнүгүүсү жана психологиялык өзгөчөлүктөрү ар кандай болот да. Бул механизм азыркы мыйзамдарда да колдонулуп келет".

Коңкубаева буга чейин мыйзамдарда пробация жана тараптардын жарашуусу сыяктуу механизмдер каралганын, бирок алар кийин Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттардын демилгеси менен алынып салынганын айтты.

Депутат прокурор айтып жаткан бул өзгөртүүлөр өз убагында аялдардын укуктарын коргоону күчөтүү максатында кабыл алынганын белгиледи. Анын пикиринде, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш боюнча мыйзамдардын катаалдашуусу аялдарга карата зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган. Бирок, ошол эле учурда, айрым учурда жаш жигиттер дагы өтө оор жазага тартылып, эркинен ажырап калып жатканын белгиледи. Ошондуктан ал мыйзамдарды кайрадан талдап чыгып, өспүрүм балдардын укуктарын коргоо жагын да эске алуу зарыл деп эсептей турганын айтты.

"Ооба, жетинчи чакырылышта мен да бар элем. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү ошол учурда өтө актуалдуу болуп калган. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, аялдардын, айрыкча кыздардын укуктары жетиштүү корголбой, өлүмгө алып келген жана башка көптөгөн оор учурлар катталган. Ошонун негизинде мыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Бирок тыйындын эки тарабы бар дегендей, бир жагынан аялдардын укуктарын коргоо максатында мындай өзгөртүүлөрдү киргизсек, экинчи жагынан келечегибиз болгон жаш жана өспүрүм балдарыбыз түрмөгө түшүп калып жатат. Ошондуктан айрыкча жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо максатында мыйзамды кайра өзгөртүү зарылдыгы келип чыгууда".

Абдибаеванын сөзүнө караганда, азыркы мыйзамдарда айрым жагдайларды, анын ичинде жаш курак боюнча жаңылышуу болушу мүмкүн учурларды өзүнчө кароо мүмкүнчүлүгү жок. Ушундан улам ал жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгып, жоопкерчиликти жекече жагдайга жараша баалоо механизмдерин талкуулоону сунуштады.

Жыйында тараптардын жарашуусу тууралуу маселе да көтөрүлдү. Абдибаева Кылмыш-процессуалдык кодекстин 505-беренесин тараптардын жарашуусу боюнча процесстик макулдашуу тууралуу жоболор менен толуктоону сунуштады. Анын пикиринде, мурда мындай механизм айрым иштер боюнча натыйжалуу колдонулуп келген.

Коңкубаеванын айтымында, 154-берене боюнча жарашуу мүмкүнчүлүгүн мыйзам чыгаруу деңгээлинде кароого болот. Бул үчүн тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилип, коомдук талкуудан өтүшү керек. Бирок ал 157-берене боюнча мындай ыкмага жол берилбей турганын баса белгиледи. Себеби кеп 16 жашка чыга элек балдардын укуктарын коргоо тууралуу болуп жатат жана мындай иштерде мамлекет алардын кызыкчылыгын өзгөчө көзөмөлдөйт. Ошондуктан жарашуу же каршы арыз берүү механизми колдонулбайт.

Депутат ошондой эле пробация институтун айрым учурларда кайра кароону сунуштады. Пробация соттолгон адамды абакка жибербестен, белгилүү чектөөлөр жана көзөмөл шарттарында коом ичинде калтырууга мүмкүндүк берет. Учурда жыныстык кол тийбестикке каршы кээ бир кылмыштар боюнча мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес. Демек, сунуш ишке ашышы үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү талап кылынат.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев буга чейин Жогорку сот ушуга окшош демилгелерге терс корутунду бергенин билдирди.

"Сот тутуму - укук колдонуучу орган. Кылмыш-жаза саясатын өкмөт түзөт, ал эми Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат. Эгер силер мыйзам кабыл алып берсеңер, биз соттук практиканы ошого ылайык жүргүзөбүз. Өз учурунда Жогорку Сот бул мыйзам долбоорлору боюнча терс корутунду берген. Анткени мыйзамдарды күчөтүү эч качан туруктуулукка алып келбейт деп эсептейбиз".

Мусаев депутат мисал келтирген конкреттүү иш боюнча материалдар менен тааныш эмес болгондуктан анын чоо-жайына баа бере албасын айтты. Ошондой эле азыркы мыйзамдар мындай жагдайларды жазаны жеңилдетүүчү өзүнчө негиз катары карабастыгын белгиледи.

Талкууга катышкан депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да жыныстык кылмыштар боюнча мыйзамдарды катаалдаштыруу маселеси мурда коомчулукта көп талкууланганын эске салды. Анын айтымында, бир катар резонанстуу кылмыштардан кийин мыйзамдар күчөтүлгөн. Ошол учурда эле айрым депутаттар өтө катаал нормалардын кесепети оор болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Сүйүнбек Өмүрзаков
Сүйүнбек Өмүрзаков

"Убагында комитеттин төрагасы катары мен да каршы пикиримди билдиргем. Бирок ошол учурда резонанстуу кылмыштар көбөйүп, коомчулукта кеңири талкуу жаралгандыктан, айласыздан бул мыйзам долбоорун кабыл алууга туура келген. Мен ошондо деле: "Бул мыйзам долбоору өтө катаал болуп калды, мындан көп адамдар жабыркайт" деп айткам".

Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим комитеттин бул отурумунда кабыл алынган жок. Депутат Абдибаева маселени кеңири талкууга коюуну сунуштады. Эгер демилге мыйзам долбоору болуп сунушталса депутаттар жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн, тараптардын жарашуусуна уруксат берүү маселесин жана бойго жеткен адам өспүрүмдүн чыныгы жашын билбеген учурларды мыйзамда кантип эске алуу керектигин өзүнчө карап чыгышы мүмкүн.

Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган. Алардын 228и сотко жөнөтүлүп, 30у боюнча тергөө уланууда. Бир кылмыш иши кыскартылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы мындай мүнөздөгү 444 кылмыш иши катталып, алардын 381и сотко өткөрүлгөн.

Ошондой эле былтыр зордуктоо фактысы боюнча 219 кылмыш иши катталган. Алардын 204ү сотко жөнөтүлгөн. Үч иш боюнча тергөө токтотулуп, кийин кайра жандандырылгандан кийин сотко өткөрүлгөн.

Макала толукталууда
Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG