Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөнүн билим берүү уюмдарында “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” деген аталышта ата-энелер декадасы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чара балдарды жаңы окуу жылына даярдоо, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуудө үй-бүлө менен билим берүү уюмдарынын өнөктөштүгүн чыңдоо максатында уюштурулган.
Бул жолку декадада зомбулукту, буллингди жана кибербуллингди, баңгизат колдонууну, эрте нике жана башка балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана бакубаттуулугуна коркунуч келтирген терс көрүнүштөрдү алдын алууга көңүл бурулат. Мында коррупция, радикализм тууралуу дагы маалымат берилет.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды, анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (КЕ)
Шерине