2-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы жалпы пайдалануудагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылды.
Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ымыркай аман-эсен куткарылып, ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө наристени төрөп таштап кеткен 35 жаштагы (Г.Т.) аял киши аныкталып, тергөөгө жеткирилген. Ушул тапта окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. (BTo)
Шерине