Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Лейпцигдеги диверсиядан кийин Германия Орусиянын эки мекемесин жабууда

Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт жана тышкы иштер министри Иоганн Вадефул.
Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт жана тышкы иштер министри Иоганн Вадефул.

Германия 4-августта Лейпциг-Халл аэропортуна жардыргыч зат орнотулган дрон чабуулун уюштурууга Орусияны расмий түрдө айыптады. Бул чабуулга жооп катары Германиянын бийлиги Бонндогу Орусиянын консулдугун жана Берлиндеги "Орус үйүн" жабуу чечимин кабыл алды. Натыйжада Орусиянын Берлиндеги консулдугу гана калды.

Германия өлкөгө кирген орус жарандарына карата чек ара көзөмөлүн да күчөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Александр Добриндт жана тышкы иштер министри Йоханн Вадефул билдиргенин Deutsche Welle кабарлады.

Добриндт Лейпцигтеги окуяга Орусиянын тиешеси бар экени дрондун жөндөөлөрүн жана башка гибриддик чабуулдарда колдонулган айрым тетиктерди талдоонун негизинде аныкталганын белгиледи. Ички иштер министри Германия мындан ары да Орусиянын гибриддик чабуулдарынын бутасы боло бериши ыктымалдыгын айтты.

Августтун башында аба майданда жардыруучу зат орнотулган учкучсуз учуучу аппараттар табылган. Дрон Украина үчүн курал-жарак ташып баратканы айтылган украиналык An-124 жүк ташуучу учагына чабуул жасоого аракет кылганы кабарланган. Бирок Украина менен Германиянын бийликтери учакта курал-жарак болгонун расмий ырасташкан эмес. Кийинчерээк аэропорттун жанынан дагы бир учкучсуз учуучу аппарат табылган. Politico жана Welt am Sonntag басылмалары буга чейин өз булактарына таянып жазгандай, Германия Москвага каршы "кеңири масштабдагы санкция даярдоодо".

НАТОнун Башкы катчысы Марк Рютте альянс Лейпцигдеги окуяга байланыштуу Германия менен толук тилектеш экенин билдирди. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да ушундай эле пикирде экенин айтты. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас Орусиянын гибриддик аракеттери Евробиримдикти Украинаны колдоону токтото албасын белгиледи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва Германиядагы консулдуктун жана "Орус үйүнүн" жабылышына жооп кайтарарын айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG