Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:24

Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады

Жогорку Кеңеш. 2-сентябрь, 2026-жыл.
Жогорку Кеңеш. 2-сентябрь, 2026-жыл.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштады. Парламенттин бул жолку чакырылышынын I сессиясынын иши 25-июнда жыйынтыкталган.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин билдирген. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүп жатат. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG