Бүгүн, 2-сентябрда, Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүү өткөрдү. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды.
Президенттик администрация кабарлагандай, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыктын келечегин карап чыгып, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү тууралуу сөз болду.
Пакистандын премьер-министри Исламабад Бишкек менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Ал жакынкы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнү 200 млн долларга чейин көбөйтүү, транзиттик коридорлорду өнүктүрүү жана бекемдөө максатын белгиледи. Пакистан Кыргызстанга өзүнүн портторуна, анын ичинде Карачиге жана Гвадарга транспорттук жолдорду ачуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатканын айтты.
Пакистандын премьер-министри Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мааракелик саммитине, "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн 31-августта келген. 2-сентябрда анын Кыргызстанга расмий сапары башталып, жолугушуулар болду.
Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пакистанга 2025-жылы декабрда мамлекеттик сапар менен барган. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет. (КЕ)
Шерине