Кеминдин тургундары бири пенсионер экенин, үйүн оңдоп-түзөө үчүн банктан насыя ала албай жатканын даттанган эле. Бирок президенттин жообу коомчулукта сынга кабылууда. Кымбатчылык күчөп, айлык акы, пенсия бааларды кубалап жете албай жаткан чакта керектөө насыя алгандар улам көбөйүп жатат. Статистика комитети микрокредит алгандардын саны эки эседен ашканын, эл алган насыянын 63 пайызын турмуштук муктаждыктарга сарптаган билдирген. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар 23 млрд. сомдон ашык кредит берсе, алуучулардын саны 807 миңге жеткен.
Өзүн Үмүт Мамытова деп тааныштырган жергиликтүү тургун бул тууралуу президент Кеминде эл менен жолугушкан учурда айтып чыкты. Ал жашап жаткан үйүн дагы насыя алып салганын кошумчалады.
"Үйүбүз жакшы бүтө элек , жолдошум экөөбүз тең пенсиядабыз. Мен иштейм, бирок айлык албайм", - деген суроосуна Жапаров мындай жооп узатты:
"10% насыя алып үй ремонт кылам деп жатасызбы? Насыя алып үй салганды, насыяга үй ремонт кылганды токтоткулачы. Өзүн өзү актабайт, пайыз менен акча алганда ал тегеренип, 10% менен алганды 30% менен табышың керек, болбосо банкрот болосуң. Үйүңдү алдырасың. Кичине математиканы эсептеп алып албайсыңарбы".
Мунун алдында эле эл менен жолугушуулардын биринде насыяга байланыштуу маселени Элмира Чотонова аттуу Кант шаарынын тургуну дагы көтөргөн.
"Мен 200 миң сом үчүн үйүмдү банктарга тарттырып жибердим. 440 миң алып 4420 миңин төлөгөнмүн. Үстүндөгү пайызын алып бир күн туруп эле кирпичке салып койгом. Ал акчаны өзүм жеген дагы жокмун, иштеткен дагы жокмун. Кирпичимди дагы алалбай жүрөм, 375 миң төлөгөм. Сотко берип, сот ал баланы төлөй албайт деген жыйынтык чыкты. Үстүндө 200 миң пайызы, 31%дан тиги баладан алып төлөйм деп кечигип калдым. Кирпич алгам, там куруп жаткам, 7,5 сомдон арзан кирпич деп, 50 миң кирпич алам дегем".
Жапаров жарандарды насыя алууда каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, үй куруу жана оңдоо үчүн банктан каражат албоого чакырды.
"Ушундайды токтотпойсуңарбы, эгерде бизнесиңиз болсо, тапкан акчадан ашыкча түшсө, ошондо ремонт кылгыла, болбосо жылуулап алып эле ремонту жок жашап туруш керек да... 31% менен насыя алып үй салайын дедиңизби, азыр муну мунай менен иштесеңиз дагы актабайт. Бекер акча эмес да, акча акчаны тууш керек. Жарымын төксөң дагы жарымы чөнтөккө түшүш керек. Бизнес кылсаңыз дагы андай пайда таппайсыз, мунай менен алектенсеңиз дагы ошончолук пайда бербейт. Билбей туруп эмнеге аласыз насыя, мага 15% менен берсе дагы албайт элем", - деди Жапаров.
Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында чакан кредиттик компаниялар 807 миңге жакын адамга 23 млрд сомдон ашык кредит берген. Берилген насыянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 23%, ал эми банктан карыз алгандардын саны 2 эсеге өскөн. Статком бул кыска мөөнөттүү онлайн кредит берүүнүн өнүгүшүнө байланыштуу экенин белгилеген. Муну кымбатчылык менен байланыштыргандар болууда.
Эң көп кредит алгандар Бишкек шаарында – 46%. Андан кийин Чүй (12%), Ош (10% жакын) жана Жалал-Абад облустарына (9,5%) туура келген. Алынган насыянын көп бөлүгү же 63% көбү турмуштук муктаждыктарга сарпталган. Айыл чарба иштерине 16%, 10% жакыны соода-сатык, коомдук тамактануу чөйрөсүнө кеткен.
Банк тармагындагы эксперт Бактыбек Шамкеев калктын кирешеси керектөөсүн канааттандыра албай жаткандыктан, ошол эле маалда насыя алууга туш-тараптан үгүт күч болгондуктан, жашоо-турмушун алдыга жылдыруу үчүн насыя алууга баш коюп жатат деп эсептейт:
"Кээ бирөөлөр ремонт жасайм деп ошол үйүн күрөөгө коюп жатат. Убагында төлөй албаса ошол үйүнөн ажырайт. Бул жагынан банктардын саясаты абдан катуу. Сөзсүз акчаны кайтарып бериш керек, эгер мүмкүнчүлүк жок болсо ал үйүн сатууга чыгарат. Ошондуктан насыя аларда дыкат ойлонуп, чамасына жараша иш кылыш керек. Азыр жарнамалар абдан катуу журүп жатат, телефон, телевизор, саякатка дагы банк аркылуу насыя берип жатат. Көп болсо эки жума саякатка барып, аны 1-2 жыл төлөшөт. Ал эми банктарда азыр акча көп, аны элге таратып, насыя берип айлантыш керек. Ошондуктан алар ушундай саясат жүргүзүп жатышат".
Буга чейин кыргыз өкмөтү той-топур үчүн банктардан насыя алууга тыюу салууну сунуштаган. Ошол эле маалда коммерциялык банктарда насыясын убагында төлөй албаган жарандардын саны өскөн. 2025-жылдын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жалпы суммасы 8 миллиард сомдон ашкан. Ал эми карызкорлордун саны 300 миң кишиге жеткен.
Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп жатат.
"Финансылык сабаттуулук эң биринчи билимден, логикадан көз каранды. Бул эң эле жөнөкөй, кирешеңден чыгашаң көп болбош керек, колго түшкөн акчаны ишкерликке, капиталга, активдерге сал, андан түшкөн пайызды корот дегендей билим жок болуп жатат. Бизде эзотерикалык көз караштар, акча коротсом ошончо акча түшөт дегендей маалыматтар көп болуп жатат. Бул элди, кайсыл бир районду, айылды сазга батыра турган идеология. Ошондуктан бул жерде мамлекеттин колдоосу керек. Финансылык сабаттуулук боюнча маалыматтар аз, андай блогерлерди көп көрүшпөйт. Банктар дагы баштапкы ченди эмес, жарнамага натыйжалуу ченди көрсөтүш керек. Башында насыянын үстөгү 19% дейт, келсең 23% болот, 9% деп жазса, ала келгенде 14% болот. Өзүбүздүн каада-салтыбызды карап, ысырапкорчулук, тойду өткөрүү, атаандашууну дагы токтотушубуз керек".
Президенттин сөзүнөн кийин соцтармактын колдонуучулары насыянын үстөк пайызы жогору экенин, насыя алгандардын көбөйүшүн кымбатчылыкка, айлык акы, пенсиянын аздыгы менен байланыштыргандар болууда. Ошол эле кезде бийликти башка өлкөдөн алынган насыя дагы бекер берилбесин, аны төлөө кезеги келерин эскерткендер бар.
Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 500дөн ашык микрофинансылык уюмдар жана алардын жүздөй филиалдары катталган.
Микрокредиттик компаниялар банктарга салыштырмалуу азыраак суммадагы насыяларды бергендиктен, талап кылган документтери да аз, берүү шарттары да жеңилирээк болот. Статкомдун маалыматына караганда, 2025-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 86 млрд. сомду түзсө, мында алуучулардын саны 1 685,6 миң адамды түздү.
Шерине