Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Стамбулдагы киши колдуу өлүм: Айжибектин жакындары акыйкат иликтөөнү талап кылууда

Маркум Айжибектин сөөгү Токтогул районунун өзү туулуп-өскөн Терек-Суу айылында жерге берилди.
Маркум Айжибектин сөөгү Токтогул районунун өзү туулуп-өскөн Терек-Суу айылында жерге берилди.

Түркиянын Стамбул шаарында 35 жаштагы кыргызстандык аял бычак жеп каза тапты. Окуя 5-ноябрда шаардын Аксарай районунда болгон. Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган кыргызстандык кыз кармалган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн себебин толук жана ар тараптуу иликтөөнү суранууда.

Маркумдун карачечекей иниси Айдар Нургазиевдин айтымында, эжеси 23-августта Түркияга жумуш издеп барган.

"Эжем 23-августта барган. Негизи түрк жаранына турмушка чыккан. Акыркы учурда жездем менен келише албай, иштеген салондун ээсинин үйүндө жашап жаткан. Ал жерде жашаган кыз (шектүү Венера С.) телефон менен сүйлөшкөнүнөн улам, эжем “Бизге уйку бересиңби? Эртең менен туруп жумушка барабыз да!” дегенде ал кыз эшикке чыгып кеткен. Угушубузга караганда андан кийин ал маңзат колдонуп келип, эжем уктап жатканда жүрөккө сайып, бетинин эки жерин кесип койгон".

Айдар Нургазиевдин сөзүнө караганда, маркум эжеси буга чейин он жылдай Түркияда жашап, иштеп келген. Андан кийин Кыргызстанда бир нече жыл жашап, Түркияга барганына бир жарым айдай гана болгон.

Айжибек Нургазиева
Айжибек Нургазиева

Маркумдун иниси салондун ээси жана ал жерде иштеген аялдардын коопсуздугуна байланыштуу дагы бир катар дооматтарды айтты. Анын сөзүнө караганда, бул салондо иштеген кыргызстандык кыз-келиндерге байланыштуу башка да шектүү жагдайлар бар.

Стамбул
Стамбул

Маркумдун инисинин билдирүүсүнүн чын-бышыгы азырынча белгисиз. "Азаттык" ал айтып жаткан салондун ээсине жана окуянын чоо-жайы боюнча бардык тараптын пикирине орун берүүгө даярбыз.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу кандуу окуянын чоо-жайын түрк полициясы тергеп-иликтеп жатканын билдирди. Маалыматта Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ортосунда чыр-чатак чыгып, бири экинчисин бычактаганы айтылат.

"1991-жылы туулган аял бычактан алган жараатынан каза болуп, 1994-жылы туулган аял кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда Түркиянын укук коргоо органдары тергөө жүргүзүп жатат".

Консулдук окуяны көзөмөлгө алганын билдирди.

Айжибек Нургазиеванын сөөгү 8-ноябрга караган түнү Кыргызстанга жеткирилип, ошол эле күнү Токтогул районунун өзү туулуп-өскөн Терек-Суу айылында жерге берилди.

Түркияда 30 миңге жакын кыргызстандык бар, алардын көпчүлүгү кыз-келиндер.

"Азаттыктын" архивинен: Түркияда өлгөн мигрант аялдар


Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG