Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Эң биринчи кыргыз китеби чыкканына 100 жыл толду


Быйыл алгачкы кыргыз китебинин чыкканына 100 жыл толду. 1911-жылы Казан шаарында атактуу акын жана ойчул Молдо Кылычтын “Кысса-и-Зилзала” китеби жарыкка чыккан. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу сөз болуп, акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүрткөн. Китеп алгачкы кыргыз агартуучусу, “Алиппени” жазган окумуштуу жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаев тарабынан демилгеге алынып, анын баш сөзү менен жарыкка чыккан.

Бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чынгыз Айтматов кампусунда боло турган илимий жыйналышта ушул улуу датанын тегерегинде сөз болуп, Молдо Кылыч менен Ишеналы Арабаевдин эстелигине арналган ойлор, пикирлер, илимий байкоолор ортого салынат. Бул маалымат аталган окуу жайдын тарых бөлүмүнүн окутуучусу Бактыбек Исаковдон алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG