Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Кочкор: Молдо Кылыч айылында мектеп курулуп бүтүп калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жусупбеков билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы мартта зилзаладан толук кыйрап калган мектептин ордуна жаңысы курулуп, дээрлик 95% бүттү. Учурда мектепте желдеткич системаларын коюуга жана куруучулардын маянасы төлөп берүүгө 3,5 миллион сом жетпей турат.

Молдо Кылыч айылында 200дөн ашуун окуучу бар. Азыр алар жаңы мектептин беш окуу бөлмөсүндө окуп жатат. Буга чейин чатыр жана эски сарайда билим алып жаткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG