Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 17:22

1269-2019: Талас курултайынын 750 жылдыгы кимге шаңдуу маараке?


ТаразМУдагы 14-15-ноябрдагы илимий жыйындын көрнөгү.

Жакында Казакстандын Тараз шаарында айтылуу Талас курултайынын (1269-жыл) мааракеси эл аралык илимий жыйын аркылуу белгиленди. Мындай жыйын тарыхты бурмалабаш үчүн гана кызмат кылышы керек. Тарыхчынын блогу.

Коңшу Казакстандын Тараз шаарында (илгери ал Жамбыл, андан мурда Олуя-Ата, андан да мурда Йаңы, Талас, Тараз аталган) 14-15-ноябрда эл аралык деңгээлде Талас курултайынын 550 жылдык мааракеси белгиленгенде, албетте, казак кесиптештерге, Эл аралык түрк академиясы сыяктуу уюштуруучуларга ыраазы болдук.

Чыңгыз хан.
Чыңгыз хан.

Демек, XIII кылымдагы Чыңгыз-хан жана анын урпактары уюштурган моңгол чапкындарынын маалындагы окуяларды деле мааракеге айландырышса, анда Казакстандагы илим чөйрөсүндө өтө сабырдуу, өзгөчө толеранттуу кырдаал түзүлүп жатса керек.

Бирок бул мааракени казак кесиптештерибиз эмне үчүн Алтын Ордого гана байлашты болду экен? Мында «фолк хисторинин» кулагы кылтыйып чыгып жаткан жокпу?

Чыңгыз хандын тун уулу Жочу (Жучи) Ыртыш дарыясынын ортоңку бөлүгүнөн Эдил (Волга) дарыясынын аймагына чейин кеңирсиген Кыпчак талааны (аны фарсыча «Дашт-и Кыпчак» дешчү) ээлеген. Анын уулу Бату хан болсо (1209 — 1255/1256) атасы Жочу өлгөн соң, 1227-жылдан тартып Моңгол дөөлөтүнүн ушул түндүк-батыш канатын бийлеп калды да, Алтын Ордо мамлекетин 1269-жылдагы Талас курултайынан алда канча эрте түптөөөгө жетишти.

Кыргызстандык профессор Медеткан Шеримкулов баяндама жасоодо. ТаразМУ. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Кыргызстандык профессор Медеткан Шеримкулов баяндама жасоодо. ТаразМУ. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Себеби Талас курултайынын негизги утушу Алтын Ордонун бийлик ээлерине гана эмес, Теңир-Тоону жердеген Кайду хандын кызыкчылыгына да кызмат кылган.

Бул көп улуттуу мамлекетте моңголдор кыпчак, булгар, башкыр сыяктуу түрк тилдүү элдерге таянууга аргасыз болгон да, бара-бара кыпчак тили алардын дипломатиялык карым-катнашынын кошумча тилине айлана баштаган.

Баары бир Жочунун бул урпагы да жалпы Моңгол мамлекетинин улуу каанынын бийлигин тааныган. 1235-жылдагы курултайдын уруксаты менен гана Бату хан Эдилден батышка карай жортуул жасоого, азыркы Түштүк Орусия менен Чыгыш Украинаны ээлеген башка батыш кыпчак аймактарына, Эдилдеги Болгар мамлекетине, Чыгыш Европанын ар кыл аймактарында бытыранды жашаган чыгыш славян княздыктарына, андан соң Польша менен Мажарстандын (Венгрия) чыгыш аймактарына жана ал түгүл Балкан жарым аралына чейин сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Моңгол-татарлар Владимир шаарынын алдында. В.Максимовдун сүрөтү.
Моңгол-татарлар Владимир шаарынын алдында. В.Максимовдун сүрөтү.

Адабиятта «Алтын Ордо» деп аталган моңгол улусу ошентип түптөлө баштаган. Бирок Жочунун улусунун чыгыш канатын («сол канатты») Батунун бир тууганы Орде-Ичен башкаргандыгын да калыстык менен айтуу абзел.

Бату жүргүзгөн бул кубаттуу жортуулдар анын өз улусунун атынан эмес, жалпы Моңгол мамлекетинин атынан жүзөгө ашырылгандыгын да белгилей кетелик. Ал өмүрүнүн акырына чейин расмий түрдө Чыгыштагы Улуу ханга баш ийген Жочу улусунун өкүмдары гана болгон.

1250-жылдардан тартып Бату өз ордо шаары кылып «Бату Сарайы» деп аталган жерди тандаган (ал шаардын алгачкы калдыгы азыркы тапта Орусиянын Астрахан облусуна караштуу Харабалы районундагы Селитренный кыштагынын жанындагы Кызыл-Жар (Красный Яр) кыштагында жайгашкан деп жоромолдонот).

Алтын Ордого арналган көргөзмөдө. Симферополдогу музей. Кырым. 26-январь, 2017-жыл.
Алтын Ордого арналган көргөзмөдө. Симферополдогу музей. Кырым. 26-январь, 2017-жыл.

Оболу «Сарай» деп гана аталган бул жаңы ордо жай илгерки Кажы-Таркан (азыркы Астрахан) шаарынан 130 чакырымдай түндүгүрөөктө жайгашкан. 1254-жылы саякатчы Рубрук да Эдил (Этилия) дарыясынын боюнда Бату жаңы шаар курдурганын эскерген.

Баса, азыркы топонимдерге келсек, Батунун ысымы Моңголиянын Улан-Баатар шаарында гана эмес, Казакстандагы Нур-Султан шаарында да көчөгө берилген. Моңголдордуку түшүнүктүү. Өз тарыхы.

Казак боордоштордуку болсо биздеги мурдагы депутат агабыз Бегиш Ааматов үстөккө-босток кооз сүрөттүү китептеринде жарыялап, «Чыңгыз хан кыргыз болчу» дегендей дымакка окшошуп кетип жатабы?

Жочунун урпактары кийинки казак хандарынын бабалары болуп калгандыгы ырас. Бирок бул түрктөшүп кеткен моңгол саясий элитасы жалпы казак калкынын чакан гана бөлүгүн түзгөн. Жочунун мамлекетинин сыныктары кийин Евразиянын абдан көп түрк тилдүү калктарына мамлекет болуп кызмат кылышкан. Демек, азыркы бир гана улут шарттуу түрдө «Алтын Ордо» аталган ири жана көп улуттуу мамлекеттин жалгыз мураскору болуп кала албайт.

Эми Жочунун кыбырасы Меңгү-Темир тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетели.

Батунун уулу Тукандын уулу Меңгү-Темир (болжол менен 1282-жылы өлгөн) алгач Жочу улусунун ханы болгон (1266—1269), ал эми 1269-жылдан кийин гана ал Чыгыштагы жалпы Моңгол мамлекетинин улуу ханына баш ийбеген алгачкы эгемен хан болуп калган. «Улуу Улус» деп да аталган Жочунун улусу ошол жылдан тартып өз алдынча мамлекет болуп калат.

Тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Тараздагы илимий жыйында. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Тараздагы илимий жыйында. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Чыгыш Европадагы бул кубаттуу мамлекетке «Алтын Ордо» аталышы ал ыдырагандан көптөн кийин гана, 1566-жылдан тартып берилген.

Ал эми хан үчүн тигилген алтын жиптүү боз үй – б.а. «алтын ордо» – хан токтогон улам жаңы жайга, улам башка шаарга же ылайыктуу жана коопсуз өргүү жайына көчүрүлүп турганы түшүнүктүү. Бул алтын боз үй тигилген жер ошол мезгил үчүн «ордолуу шаар», б.а. көчмөндөрдүн саясий борбор шаары кызматын аткарган.

Эне-Сай Кыргыз каганаты Улуу кыргыз каганатына айланаарында кыргыз каганы Орхонду жердеген уйгур каганына 840-жылы ультиматум жибергендеги сөздөр кытай жазма булактарында чагылдырылып калган. Ошол талапта да: «Мен жакында алтындалган ордоңду ээлеймин, анын жанына аргымагымды байлап, туумду саямын», – деп айтылат.

Ал эми 1307-жылы болсо Чагатайдын урпактары келип, Кайду мамлекетине таандык Талас өрөөнүндө жана башка Теңир-Тоо аймактарында ойрондоткуч жортуул уюштурганда да, мындагы өкүмдардын «алтын ордосун» өрттөп жиберишкенин XIV кылымдагы тарыхчы Вассаф жазып калтырган

(Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. – Бишкек: Айбек, 1997. – Т. 1. – 560 с. – ISBN 9967-12-000-2. – Фонд «Сорос–Кыргызстан». – Б. 139).

Демек, «алтын ордо» – бул Чыңгыз хан өкүм жүргүзгөн доорго чейин бир нече кылым мурда эле Ички Азиядагы жана Шибердеги көчмөндөр цивилизациясынын очокторунда колдонулуп келген саясий термин. Бул терминди Жочунун улусуна тиешеси жок түрк аймактарында да кийинчерээк деле колдоно беришкен.

Моңголдор менен бир катар түрк элдери «батыш» түшүнүгүн «ак» түсү менен да чагылдыргандыктан, Жочунун урпактары бийлеген бул улусту «Ак Ордо» деп да аташчу.

Эми Меңгү-Темирдин ысымына келелик. Анын биринчи бөлүгү («меңгү») - «түбөлүктүү» деген эски түрк жана кыргыз сөздөрүнөн алынган. Бул сөздүн «түбөлүк» мааниси Орхон-Энесай руна сымал жазмаларындагы эстеликтерде гана эмес, кыргыздын азыркыга чейин колдонулган «мөңгү» сөзүндө (бийик тоо чокуларындагы түбөлүк жаткан көк муз) да сакталганын алатоолук тилчи жана ономаст адистер белгилеп жүрүшөт.

«Темир» сөзү деле көөнө кыргыздарда жана башка түрктөрдө «темир металлы» маанисинде мурдатан, Чыңгыз хандын дооруна чейин эле, кеңири колдонулган.

Маселен, XI кылымда (б.а. Меңгү-Темир» бийликке келээрден дээрлик 200 жылдай мурда) ысык-көлдүк залкар түрколог окумуштуу, сөздүкчү, картограф жана этнограф Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн «Дивану лугати т-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы»; 1072––1077) деген эмгегинде араб тилдүү окурмандарга кыргыздар менен кыпчактардын ант кармоо жөрөлгөсүн мындайча сыпаттап жазат:

Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасында Жердин борбору катары Ысык-Көл аймагы көрсөтүлгөн. 1072-1077-жж.
Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасында Жердин борбору катары Ысык-Көл аймагы көрсөтүлгөн. 1072-1077-жж.

«...Қырқыз, йабақу, қыфчақ жана башка (түрк элдери) кайсы бир кишиге касам ичиргенде же андан бир нерсеге антын-убадасын алганда, кылычты (кындан) чыгарышат да, алдына туура коюп: «Бу көк кирсүн, қызыл чыксун» дешет. Башкача туюнтканда, убада бузулуп калса бул (кылыч) көк болуп кирсин, кызыл болуп чыксын (канга боёлуп чыксын). Бул келишимден кайтсаң, темир сенден өч алсын дегени. Себеби алар темирди өтө аздектешет».

Албетте, түрк элдериндеги бул антропонимди моңгол хандары да өз уулдарына ат коюуда кеңири колдонушкан. Чыңгыз хандын алгачкы ысымы Темучин (Тэмужин) да чыгыш түрктөрдүн «Темирчи» сөзүнөн алынган деген жоромол бар.

Ушундан улам эле түрк элдеринин айрым «фолк хисториге» берилген калемгерлери «Алтын Ордонун негиздөөчүлөрү моңгол тилдүү эмес, түрк тилдүүлөр болчу» деп жалган маалыматты таңуулашат.

Бизде кыргыздарда Алыкул Осмонов Шота Руставелинин дастанын мыкты которгон соң, 1940-жылдардан тартып Автандил, Тариел, Нестан-Даражан сыяктуу ысымдар жайнап кетпедиби. Ал эми Индира Ганди менен Беназир Бхутто Кыргызстанга иш сапар менен келген соң, Индира, Беназир деген кыз аттары коюла баштады.

Эми кыргыздардын Автандил, Тариел, Нестан-Даражан сыяктуу ысымы барларын бүт «грузинсиңер» деп, ал эми Индираларды «индиялык», Беназирлерди «пакистандык экенсиңер» деп жерий албайбыз да?!.

ТаразМУдагы илимий жыйында. 14-ноябрь, 2019-жыл.
ТаразМУдагы илимий жыйында. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Жочунун Улуу улусунда бийлик кылгандар жана алардын аскери менен чыгыштан журт которгондор (арасында айрым кыргыз топтору) акырындап булгар, кыпчак, башкыр, чуваш сыяктуу түрк калктарынын бабаларынын арасында жуурулушуп, бул улут аралык жуурулушуудан ногойлор, Крым менен Түндүк Кавказдагы калктар, Орол-Эдилдеги, Гагаузстандагы ж.б. түрк тилдүү калктар келип чыкты.

Кыпчак талаасынын чордонунда, Эдил аймагында байырлагандардын ичинен Кыпчак талаасынын чыгышына жана түштүк-чыгышына жылган көчмөн уруулар казактарга, каракалпактарга жана көчмөн өзбектерге негизги компонент болгон. Аларга башка жергиликтүү карлук, кыпчак, кыргыз, ферганалык түрк, түрктөшкөн ирандык, түрктөшкөн араб, түрктөшкөн моңгол жана кош тилдүү сарт сыяктуу башка да улуттардын өкүлдөрү жуурулушкандыгы шексиз.

Ошондуктан, баса белгилесек, Жочу улусунун тарыхы жалпы түрк тарыхын эч чагылдырбастыгы түшүнүктүү. XI кылымдан тартып Кичи Азияга жана Жакынкы Чыгышка агылган огуз түрктөрү (арасында селжуктар, осмон түрктөрү ж.б.) Чыңгыз хандын урпактары бийлеген мамлекеттерге эч баш ийбеген мамлекеттерди негиздешкен (айрым учурларда гана алардын бир катар чөлкөмдөрү убактылуу талоонго алынган кездер болгону деле анык).

Ал эми Борбор Азиянын Кыпчак талаадан түштүгүрөөк аймактарында 1269-жылдагы Талас курултайынан кийин Кайду хандын (болжол менен 1236-жылы туулган; 1269––1301-жж. бийликте турган) ири мамлекети түптөлдү. Ал мамлекет Жочунун улусу түгүл, Моңголиянын чыгышын жана Түндүк Кытайды бийлеп калган улуу каанга да баш ийбей калды.

Кыргыз илимпозу Мурат Садыров ТаразМУдагы жыйында. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Кыргыз илимпозу Мурат Садыров ТаразМУдагы жыйында. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Демек, Чыңгыз хандан кийин улуу каан болгон Үгөдөйдүн (1229-1241-жж. улуу каан катары жалпы моңголдук империяны бийлеген) небереси Кайдунун мамлекетин Алтын Ордонун бир бөлүгү катары кароого эч мүмкүн эмес.

Чыңгыз хандын айрым урпактары Талас өрөөнүндө 8 күндөй жыйын куруп, элдик спорттук оюндар жана башка маданий шаан-шөкөттөр уюштурган.

Көчмөндөр үчүн мындай курултайга жана бир аптадан ашуун өткөн оюн-зоокко ылайыктуу жай талоонго алынып, шаар катары кайра баш көтөрө албай жаткан Тараз шаарында эмес (эски Тараздын атырабында «Жаңы» / «Йаны» деп аталган шаар турган, бирок, археологдордун айтымында, анын кайсы жерде жайгашкандыгын так кесе айтуу эртелик кылат), азыркы Кыргызстандын аймагындагы Талас дарыясынын кеңирсиген жана мал үчүн оту мол, суусу жана жайыты кенен жогорку өрөөнүндө табылгандыгы чындыкка жакын го деп ойлойбуз.

(Демек, көчмөндөрдүн курултайы Жаңы Талас шаарында же башка шаарда эмес, Талас суусуна жакын ачык өрөөндө өткөрүлгөн деп жоромолдойбуз. Азил кылып айтсак, ал кезде миңдеген чакырымды атчан кезип келип жеткен көчмөндөрдүн төбөлдөрү үчүн азыркыдай электр агымына, театрларга, Интернет байланышына, телеграфка, беш жылдыз мейманканага ж.б. шаардык инфратүзүм жагдайларына таңсыктык эч болгон эмес да).

Талас курултайынын элеси «Манас» эпосундагы Каркырадагы Көкөтөй хандын ашын бергендегидей эле болгон. Айырмасы - Таластагы 1269-жылдагы бул курултай кыргыздардын же башка түрк элдеринин таламында болгон эмес (биз курултайдын ошол доордогу максатын айтып жатабыз. Ал кезде «казак», «өзбек» деген этноним да жок эле).

Моңгол төбөлдөрүнүн бул курултайынын мүдөөсү Чыңгыз хандын урпактарынын ич ара ордо күрөшүн жүргүзүп чаалыккан жана ич ара бытыраган улустарынын айрым жикчил бөлүктөрүнүн саясий ынтымагына жетишүү гана болгон.

Демек, бул курултайдын мааракесин Алтын Ордонун негизделишинин 750 жылдыгы катары белгилөөнүн өзү таң калычтуу.

Жочу улусу (Улуу улус) бул 1269-жылга чейин эле Чыгыш Европаны ээлеп, Борбордук Европага чейин бүлүк салып, орус княздарын көз каранды кылып, улам бирин княздыктан түшүрүп, айтор, мамлекет катары дээрлик түптөлүп калган болчу. Иш жүзүндө Жочунун уулу Беркенин бийлигинин (1257-1266-жж. улусту бийлеген) тушунда эле бул улус (кийинки адабияттагы аталышы боюнча «Алтын Ордо» мамлекети) иш жүзүндө улуу каандан көз каранды эмес болуп калган.

Эми «Алтын Ордо» мамлекетинин тарыхы 1269-жылдан башталат деп чыксак, анын даңазалуу хандары Бату, Улагчы, Беркенин жана 1266-жылдан баштап тактыда отурган Меңгү-Темирдин 1269-жылга чейинки мамлекет башчы катары даңазалуу салымдары «жуулуп» кетеби?

Эгерде мындай жоромолду карапайым калемгер чыгарса бир жөн (азыр деле «Баласагын шаары Казакстандын түштүгүндөгү Ак-Төбө шаар чалдыбарында жайгашкан» деген, бирок башка казак археологдору эч тастыктабаган жоромолду жазган алматылык автор бар), а бирок Эл аралык түрк академиясы «Алтын Ордого» 750 жыл болду деп колдоп чыккандыгы бизге саал түшүнүксүз.

Биздин оюбузча, бул курултайдын мааракесине азгырылбастан, Жочунун улусунун бүтүндөй тарыхын моңголдук башка улустардын тарыхына салыштырып калыс изилдөө керек.

Улуу түрк каганаты түзүлгөн кезде деле анын батыштагы бутагы тээ Иран менен Византияга чейинки аймакта өз алдынча аскердик жортуулдарды жасап жана дипломатиялык-соода карым-катнаштарын жүргүзүп келгендиги маалым.

Евразиянын ири аймагын ээлеген көчмөндөр дөөлөтү канчалык көп жерлерди жана айырмалуу цивилизация очокторун каратып кеңейген сайын, ошончолук сөзсүз түрдө жиктелүү саясатынын коркунучуна кептелип турган.

1269-жылдагы Талас курултайынын жемишин түздөн-түз татыган хандардын бири – бул Үгөдөйдүн урпагы Кайду экенин, андан тышкары Чагатайдын урпактары да кыйла мөмөгө ээ болгонун биздин окурмандар тарыхтан жакшы билишет.

Кыргыздар, бир чети, Кайдунун мамлекетин, экинчи чети, өзүн жалпы моңголдун улуу кааны санаган чыгыштагы Кубулайдын (Хубилай) мамлекетин байырлап, эки дөөнүн ортосунда калышкан. Кубулай айрым кыргыздарды Каракорумга, анча-мынчасын андан да чыгыштагы тарыхый Манчжурияга чейин күчтөп көчүргөн, кыргыздардын бир катары Кубулайга каршы ачык күрөшүп, Кайдуну колдоп чыгышкан.

Эми ошондо да моңгол улуу кааны Чынгыз хандын чөбөрөсү, анын уулу Үгөдөйдүн небереси Кайдунун өз алдынча мамлекети түптөлдү, анын 750 жылдыгын жакшылап өткөрөлүк деп демилге кылсак анда өз элдик тарыхыбыз каякта калат?

Мындай мааракелерден улам аргасыздан ойго башка да нерселер түшөт экен.

Тарыхка кылчайып, иши кылып маараке окуясын издей берсек, анда 1206-жылы кыргыздардын бир бөлүгүнүн Чыңгыз ханга багынгандыгынын, же 1218-жылы Чыңгыз ханга каршы көтөрүлүш чыгарганда, Жочу тарабынан басылышынын, айрым Жунгар хандарынын каргашалуу жортуулдарынын жана ушул сыяктуу окуялардын мааракелерин деле белгилей берсе болобу?

Кыргыздар моңголдордун көчмөн дөөлөтүнүн кол астында калганга чейин өздөрүнүн байыркы тарыхы, байыркы жана орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгү (анын ичинде даңазалуу Кыргыз каганаты), ошондой эле Орхон-Энесай жазмасы деп шарттуу аталган руна сымал жазманын нагыз кыргыз варианты бар көөнө улут болуп саналат. Кытайлык профессор Ю Тайшандын эң соңку маалыматына караганда, кыргыз эли өз алдынча өлкөсү бар эл катары көөнө ханзу жазма булактарында б.з.ч. X кылымда (мындан 3 миң жыл эрте) эскерилет экен.

Моңголдордун байыркы бабалары көчмөн дунху мамлекетин түзгөн, биздин бабаларыбыз аларга көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүн улантышкан.

1269-жылы болсо, жогоруда учкай айтылгандай, кыргыздар бири-бири менен жалгашкан эки ири тарыхый аймакта чачылып байырлап турган. Бир бөлүгү IX кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоонун ар кыл чөлкөмдөрүн жердеп калса, экинчи бөлүгү Улуу Алтайда (б.а. Алтай жана Саян тоолору, Энесай, Ыртыш жана Катын дарыясы сыяктуу ири дарыялар орун алган аймактарда), Түндүк Моңголияда чачырап калган. Айрым кыргыз топтору Кытайда Юань сулалесин түзгөн чыгыш моңголдордун бийликтери тарабынан 1290-жылдары тарыхый Манчжурияга чейин күчтөп көчүрүлгөн. Айрым кыргыз топтору XIII кылымдын алгачкы жарымында моңгол аскерлери менен кошо Эдил дарыясына, Орол тоолоруна чейин кеткен.

Кыргыз тарыхы үчүн, демек, 1269-жылдагы Талас курултайы Борбор Азиядагы түрк мамлекеттеринин жерлерин басып алган баскынчылардын кезектеги кеңешмеси болуп саналат.

Канаат хан Ыбыке уулунун Верный (Алматы) абагында 16-февралда 1917-жылы өлгөндүгү тууралуу падышалык архивдеги документ.
Канаат хан Ыбыке уулунун Верный (Алматы) абагында 16-февралда 1917-жылы өлгөндүгү тууралуу падышалык архивдеги документ.

Кыргыздар кийинчерээк да өздөрүнө хан шайлаганда «болочок хан Чыңгыз хандын тегинен болсун» деп эч качан моңголдордон өкүл издешчү эмес. Анткени «Манас» эпосу сыяктуу көөнөргүс, муундан муунга өткөн чыгармаларда камтылган улуттук маданий асыл-нарктар жана улуттук генофондго таандык санжыралык, фольклордук жана башка маалыматтар кыргызда эзелтеден өз эгемен мамлекети, өз хандары болгон деген тарыхый эстутумдук түшүнүктү сактап келишкен.

Дал ушундай эстутум Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Ормон хан, Канаат хан, Мөкүш хан, Рахманкул хан, Бутто хан сыяктуу инсандарды илгиртпестен улуттук мамлекет башчы катары таанууга түртүп турган.

Албетте, көп улуттуу кырдаалда жашаган кыргыздардын жайы башка. Маселен, Нүзүп миңбашы Кокон хандыгындагы ордо иштерин толук көзөмөлгө алыш үчүн көчмөн өзбектин Миң уруусунун өкүлү Шералыны (чагатай адабиятындагы ысымы Шир-Али) тактыга отургузат эмеспи. Молдо Ысак Асан уулу да «Полот хан» деген жалган ысымды колдонот эмеспи!

Бирок кыргыздар жыш жашаган аймактарда хан шайлаш үчүн инсандын татыктуулугу биринчи орунда болгон. Энесинин тегине да карашчу эмес. Салбар делген аялдан төрөлгөндөр дубанга атыккан бек, бий болгон учурлар көп. Манастын канышасы Букар ханынын кызы деп, анын уулу Семетейди бийликке жолотпой койбостон, улуттун ханы катары ага баш ийишкен.

Талас өрөөнүндөгү көчмөндөр оюндары маалында. Кыргызстан. 20.09.2019.
Талас өрөөнүндөгү көчмөндөр оюндары маалында. Кыргызстан. 20.09.2019.

Албетте, 1269-жылдагы Талас курултайынын тарыхын жалпы Евразиялык тарыхыбыздагы окуя катары расмий мааракеси жок деле калыс чагылдырууну ар бир өлкөдө улантышыбыз абзел. Бул курултайдын өткөрүлгөн орду чындап Талас суусунун жогорку өрөөнүндө жайгашкандыгы же башка жагында болгондугу тууралуу маселеге чекит коюш үчүн улам жаңы археологиялык иликтөө жүргүзүүдө, албетте, археологдорубуз эл аралык кызматташтыкка таяна алышат деп ойлойм.

P.S.

Ал эми Евразиядагы түркологдордун, кыргыз таануучулардын жана тарыхчылардын быйылкы маанилүү мааракелик жыйындарына келсек, алардын бири 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өткөрүлүүдө. Ал - орусиялык залкар чыгыш таануучу, Санкт-Петербург илимдер академиясынын академиги (1913) Василий Владимирович Бартольддун (Wilhelm Barthold; 3(15).11.1869, Санкт-Петербург — 19.8.1930, Ленинград) 150 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

XS
SM
MD
LG