Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Бегиш Ааматов: “Чыңгызхан кыргыздын баргы уруусунан”


Чыңгызхан
Чыңгызхан

Кечээ Ишеналы Арабаев атындагы Улуттук университетте хакас кыргыз элинин чыгаан уулу, тарых илимдеринин доктору Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгына арналган “Энесайлык данакер этнограф” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөнүн, белгилүү окумуштууну Кыргызстанга президентке караштуу “Мурас” фонду, Улуттук илимдер академиясы, аталган окуу жайы чакырып келишкенин, Атамбаевдин атынан аппарат башчысынын 1-орунбасары куттуктап 100 миң сом жана кол саат белекке берилгенин бүгүн жарык көргөн “Эркин Тоо” гезитиндеги Сымбат Максүтованын “Хакас элинин даңазалуу уулу Кыргызстанда” деген макаласынан окуйсуздар. Басылмада ошону менен бирге эле тарыхчы Темирбек Токтогазиевдин “Сиань шаарындагы чоподон жасалган аскерди Бакай абабыз көмдүргөн” деген, “Эркин Тоо” гезитинин 25 жылдыгына карата белгилүү журналист Таалайбек Темировдун “Эркин Тоо”– менин мектебим” деген макалалары жарык көрдү.

“Жаңы агым” гезитинен “Био сервис” коомдук фонддун кеңешчиси Болот Жолдошевдин “Отоо чөптөн оңой арылса болот” деген керектүү кеңеши, акын Сирень Сарбалаеванын жаңы ырлары, журналист Нурмухаммед Жумабековдун “Көчө сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү” деген сүрөттүү баяны, журналист Темирбек Алымбековдун “Кылым бүктөмүндөгү кыргыз-кытай алакасы” аттуу макаласы, журналист Келдибек Назировдун “Насыя куйрукка ынанган “Лонг хай” же “Мегакомду” сатуу кыялы” деген жана “Жээнбековдун жумшактыгы кызматка жолтоо болбойбу?” деген макалалары менен таанышасыздар.

“Жаңы ордо” гезити Полот Асановдун “Ооматы келген Төрөбаев... же канаты кыркылган Канатбек мырза” деген макала менен жаңы санын ачты. Саясатчылар Бегалы Наргозуев, Бакыт Бакетаев, Артур Медетбеков, Тазабек Икрамов, Курманбек Осмонов, Кубанычбек Исабеков, Кыяс Молдокасымов “Ордо” гезитиндеги ойлорунда Бакыт Төрөбаев спикерликке татыктуу экендигин билдиришти. Мурдагы депутат Исмаил Исаков макаласын “17-марттагы чегара инцидентинин себептери жана кетирилген кемчиликтери” деген ат менен жарыялады. “Жаңы ордого” “Тарыхты тактап” деген рубриканын алдында Бегиш Ааматов менен Азизбек Чамашевдин макаласы “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” деген аталыш менен жарыялана баштады. Аталган иликтөөдө Чыңгыз хандын өз эли Хорилар түбү барып Улуу Баргы уруусунун кыргызы болгону тууралуу кеп болот. Профессор Кадыркул Даутовдун тунгуч агартуучулар тууралуу эмгеги, профессор Абдыкерим Абдыразаковдун “Бексултан Жакиевдин “Алтын аяк” драмасындагы эл тарыхын көркөм сүрөттөө чеберчилиги” деген макаласы басылып чыкты.

“Де-факто” гезити жазуучу Папан Дүйшөнбаевдин “Нүзүп миңбашы” деген романдан үзүндү басууну улантты. Нургазы Айтмырзаевдин макаласы “Көмүр Кумтөрү” Данияр Үсөновго сатылган жатабы?” деген макала басты. Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев өлкөнүн экономикасын көтөрүү боюнча ой-сунуштарын билдирген маек курса, депутат Өмүрбек Текебаев маегин “Менимче Нарынбаев кур жалаанын курмандыгы болуп жаткандай” деген аталышта улантты.

“Фабула” гезити аркылуу берген маегин Бишкек шаар кеңешинин депутаты Жамалбек Ырсалиев “Жаңы мэр акчаны депутаттардан эмес, көчөдөн издесе табат” деп атады. Белгилүү обончу Майрамбек Осмоновдун маеги “Мынча акча берем, келип ырдап кет, үйдө жатканда эмне кыласың?” дегендер көбөйдү" деген ат менен, депутат Карамат Орозованын маеги “Айылга барганда ысык нан жаап жегенди жакшы көрөм” деген ат менен тартууланды. Журналист Үсөн Касыбеков кезектеги макаласын “Өлкөнүн өмүрү кыска өкмөттөрү” деп атап, жаңы өкмөт шайланганын, ал эми парламенттеги фракция лидерлеринин ортосундагы күрөш улана берерин жазды.

“Супер инфо” гезити бул санын “Министрдин канынын анализи ар түрдүү чыкты. Эл дартты аныктоо лабораторияларынын кайсынысына ишенет?” деген ой-пикирлердин топтому менен ачты. Мындан тышкары Кубаныч Ажыбаев “Толук болгонум үчүн мени Чубак Сатаевдин досу деп ойлошот” деген маеги, “Өкмөткө амбициясыз жана ийкемдүү башчы келди” деген макала, депутат Абдывахап Нурбаевдин ыймандай сыры, Айгерим Расул кызынын “Сахнага жаңы имидж менен кайтам” деген маеги бар.

“Вечерний Бишкек” гезити Сооронбай Жээнбековдун келишин “Чексиз ишенимдеги өкмөт” деп атады. Александра Василькованын саясат, бийлик, оппозиция тууралуу макаласын "Кыргызстандын гамбити” деп атады. Бишкектин мэри Албек Ибраимов “Сөз эмес, ишке ишенүү керек” деп маек курду. Александр Тузовдун макаласы 16-жылды эскерүүгө арналды.

XS
SM
MD
LG