Беттештер 16 шаарда – АКШда Атланта, Бостон, Даллас, Хьюстон, Канзас-Сити, Сан-Франциско, Сиэтл, Лос-Анжелес, Майами, Нью-Йорк жана Филадельфияда, Мексиканын Гвадалахара, Монтеррей жана Мехико, Канаданын Торонто жана Ванкувер шаарларында өтүүдө.
А тайпасынын мыктысы - Мексика менен ТАР
А тайпасы: Мексика, ТАР, Түштүк Корея, Чехия
Бул тайпадан 1/16 финалга Мексика 9 упай менен, Түштүк Африка Республикасы 4 упай менен чыкты.
11-июнда Мехико шаарындагы 87,5 миң киши сыйган чоң стадиондо футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш салтанаты өтүп, биринчи оюнду талаа ээси Мексика командасы баштап берген. Алар Түштүк Африка Республикасын (ТАР) 2:0 эсебинде жеңип алды. Бул тайпадагы беттештердин жыйынтыктары:
Мексика – ТАР 2:0
Түштүк Корея – Чехия 2:1
Чехия – ТАР 1:1
Мексика – Түштүк Корея – 1:0
Чехия – Мексика 0:3
Түштүк Корея – ТАР 0: 1
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Мексика | 3 | 3 | 0 | 0 | 6 | 9 |
| ТАР | 3 | 1 | 1 | 1 | -1 | 4 |
| Түштүк Корея | 3 | 1 | 2 | 0 | -1 | 3 |
| Чехия | 3 | 0 | 2 | 1 | -4 | 1 |
Плей-оффко тайпада алдыңкы орунду алган эки команда чыгат. Андан сырткары жакшы көрсөткүчү менен үчүнчү орунда калган 8 команда өтмөкчү. Жалпысынан 104 беттеш өтөт.
Тайпалык оюндун соңку беттешинде Түштүк Корея курама командасы Түштүк Африка Республикасына 1:0 эсебинде утулуп калды. Оюнга чейин Түштүк Корея фаворит катары эсептелип жаткан. Оюндун 63-мүнөтүндө түштүк африкалыктар жарым коргоочу Тапело Масеконун голу менен жеңишке жетти.
Мексикадан ири эсепте утулган Чехия бул тайпада эң акыркы болду. Дүйнө чемпионатынын 1/16 финалдык беттештери 28-июндан 3-июлга чейин өтөт.
В тайпасы: Футбол тарыхындагы Канаданын алгачкы упайы
B тайпасы: Швейцария, Канада, Босния жана Герцеговина, Катар
Торонто стадионунда өткөн алгачкы беттешинде Канада курамасы Босния жана Герцеговина менен 1:1 эсебинде тең чыгып, бирден упай алышты. Бул Канаданын футбол тарыхындагы Дүйнө чемпионатынан эң алгачкы упайы болду.
Босниялыктар беттештин фаворити катары айтылып жаткан. Ошондуктан жыйынтык алардын маанайын түшүрдү. Бул тайпадагы Катар менен Швейцариянын беттеши дагы тең чыгуу менен аяктады.
Катар төрт жыл мурун дүйнө чемпионатын өткөрүп, бирок өз талаасында тайпадан чыккан эмес. Бүт оюндарында утулуп калган эле.
Канада – Босния жана Герцеговина 1: 1
Катар – Швейцария 1:1
Швейцария – Босния жана Герцеговина 4:1
Канада – Катар 6:0
Босния жана Герцеговина – Катар 3:1
Швейцария – Канада 2:1
Бул тайпада Швейцария курама командасы фаворит экенин далилдеди. Тайпанын акыркы айлампасында Канаданы 2:1 эсебинде жеңип, жалпы 7 упай менен биринчи орунга чыкты. Муну менен Швейцария ири эл аралык мелдештерде жетинчи ирет катарынан кийинки баскычка өткөн курама команда болуп калды. Ал 2016-жылы өткөн Европа чемпионатынан бери, андан кийинки Дүйнө чемпионаттарында плей-офф баскычтарына чыккан.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Швейцария | 3 | 2 | 0 | 1 | 4 | 7 |
| Канада | 3 | 1 | 1 | 1 | 5 | 4 |
| Босния жана Герцеговина | 3 | 1 | 1 | 1 | -1 | 4 |
| Катар | 3 | 0 | 2 | 1 | -8 | 1 |
Канада менен Босния жана Герцеговинанын упайлары бирдей (4 упай). Бирок голдордун айырмачылыгы менен Канада экинчи орунду ээледи.
С тайпасы: Марокконун жүрүшү, Бразилиянын үмүтү
С тайпасы: Бразилия, Марокко, Шотландия, Гаити
Бул тайпанын лидери саналган дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия биринчи беттешинде Марокко менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Беттештин 21-мүнөтүндө Исмаэл Сайбари гол тээп, бразилиялыктар ушундан 11 мүнөттөн кийин Винисиус Жуниордун аракети менен эсепти теңеп кетишти. Экинчи бөлүктө эки команданын тең жолу болгон жок.
Бразилияга күйөрмандык кылып келгендер арасында 2002-жылдагы кураманын жылдыздары Роналдо, Кака, Роберто Карлос болгонун көрө алдык. Бул тең чыгуу өткөн чемпионаттын ачылышы болгон Марокко мурдагыдай эле күчтүү курам менен келгенин көрсөттү.
Шотландия алгачкы беттешинде Гаитини 1:0 эсеби менен утту. Шотланддар 28 жылдан кийин гана Дүйнө чемпионатына кайтып келишти. Акыркы жолу алар 1998-жылы Францияда өткөн чемпионатка катышып, тайпадан чыкпай калган.
Гаити буга чейин бир гана жолу Дүйнөлүк чемпионатта (1974-жылы) ойноп, тайпадан чыккан эмес. Бир дагы упай албай үйүнө кайтышкан. Азыркы чемпионатта дагы Гаитинин жолу болбоду.
Бразилия – Марокко 1:1
Гаити – Шотландия 0:1
Шотландия – Марокко 0:1
Бразилия – Гаити 3:0
Марокко – Гаити 4: 2
Шотландия – Бразилия 0:3
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Бразилия | 3 | 2 | 0 | 1 | 6 | 7 |
| Марокко | 3 | 2 | 0 | 1 | 3 | 7 |
| Шотландия | 3 | 1 | 2 | 0 | -3 | 3 |
| Гаити | 3 | 0 | 3 | 0 | -6 | 0 |
Бразилия тайпалык чечүүчү оюнда Шотландияны 3:0 эсебинде утуп, чемпиондукка үмүтүн көрсөттү. Винисиус Жуниор эки гол киргизип, үчүнчү голду Матеус Кунья тепти. Курама командага Неймардын кайтып келиши дагы өзүнчө сөз болду. Ал жаракат алып, кыйла убакыт оюнга чыкпай жүргөн.
D тайпасы: АКШ алдыда, Түркия үйүнө кайтат
D тайпасы: АКШ, Парагвай, Түркия, Австралия
Чемпионаттын ээси АКШ биринчи беттешинде Парагвайды 4:1 эсебинде утуп, күчтүү атаандаш экенин көрсөттү. Команданын чабуулчусу Фоларин Балогун эки гол киргизди. Австралия болсо Түркияны 2:0 менен утту.
АКШ -Парагвай 4:1
Австралия – Түркия 2:0
АКШ – Австралия 2:0
Түркия – Парагвай 1:0
26-июнда тайпалык оюндардын соңку беттештери өтөт.
Парагвай Австралия менен, Түркия командасы АКШ менен беттешмекчи. Эки оюндун жыйынтыгы менен түрктөр үйүнө кайтары анык болуп калды.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| АКШ | 2 | 2 | 0 | 0 | 5 | 6 |
| Австралия | 2 | 1 | 1 | 0 | 0 | 3 |
| Парагвай | 2 | 1 | 1 | 0 | -2 | 3 |
| Түркия | 2 | 0 | 2 | 0 | -3 | 0 |
E тайпасы: Германиянын бешинчи ирет чемпион болуу аракети
E тайпасы: Германия, Кот-д'Ивуар, Эквадор, Кюрасао
Көпчүлүк кишилер анчейин биле бербеген Кюрасао аталган мамлекет дүйнө чемпионатына катышууда. Ал Германиядан 7:1ге утулду. Бирок тарыхындагы дебюттук беттешинде кюрасаолуктар алгачкы голун киргизишти. 160 миң чамалуу калкы бар Кюрасао өлкөсү Кариб деңизинин түштүгүндө жайгашкан арал. Ал Нидерланд Королдугунун курамына кирет.
Германия – Кюрасао 7:1
Кот-д'Ивуар – Эквадор 1:0
Германия – Кот-д'Ивуар 2:1
Эквадор – Кюрасао 0:0
25-июнда Кюрасао менен Кот-д'Ивуар тайпалык оюндагы чечүүчү беттешин өткөрөт. Ушул эле күнү Эквадор соңку беттешин Германия менен ойнойт.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Германия | 2 | 2 | 0 | 0 | 7 | 6 |
| Кот-д'Ивуар | 2 | 1 | 1 | 0 | 0 | 3 |
| Эквадор | 2 | 0 | 1 | 1 | -1 | 1 |
| Кюрасао | 2 | 0 | 1 | 1 | -6 | 1 |
Бул тайпанын лидерлери Германия менен Кот-д'Ивуар экени анык. Эки команданын курамында тең Европанын мыкты клубдарында ойногон оюнчулар бар. Германия дүйнө чемпиондугун бешинчи ирет жеңип алууга умтулууда.
F тайпасы: Нидерланд чемпион болобу?
F тайпасы: Нидерланд, Жапония, Швеция, Тунис
Ар дайым дүйнө чемпионатына фаворит катары келип, бирок бир да жолу чемпиондукту ута элек Нидерланд алгачкы беттешинде Жапония менен тең чыкты (2:2). Бирок экинчи беттешинде Швецияны 5:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, чемпиондукка талапкер экенин көрсөттү. Брайан Бробби, Коди Гакпо, Дензел Дюмфрис сыяктуу команданын чабуулчулары Швеция менен оюнда гол киргизди.
Албетте, шведдер үчүн мындай ири эсепте утулуп калыш оңой болгон жок. Алар дагы биринчи беттешинде Тунисти 5:1 эсебинде утушкан. Эл аралык мелдештерде жарым кылымдан бери шведдер мындай ири эсеп менен утула элек болчу.
Нидерланд–Жапония 2:2
Швеция–Тунис 5: 1
Нидерланд–Швеция 5:1
Тунис–Жапония 0:4
Бул тайпанын чечүүчү беттештери бүгүн, 25-июнда жыйынтыкталат. Чечүүчү маанилүү оюн Швеция менен Жапониянын беттеши болмокчу. Алар тайпадан ким чыгарын аныктайт. Нидерланд ушул эле күнү Тунис менен ойнойт.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Нидерланд | 2 | 1 | 0 | 1 | 4 | 4 |
| Жапония | 2 | 1 | 0 | 1 | 4 | 4 |
| Швеция | 2 | 1 | 1 | 0 | 0 | 3 |
| Тунис | 2 | 0 | 2 | 0 | -8 | 0 |
G тайпасы: Согушка карабай чемпионатка келген Иран
G тайпасы: Иран, Египет, Бельгия, Жаңы Зеландия
Бул тайпадагы алгачкы оюнда Бельгия менен Египет тең чыкты. Экинчи таймда египеттиктер автогол киргизип алып, тарыхындагы биринчи жеңиштен куру жалак калды. Бельгия болсо аз жерден утулуп кала жаздады. Египет дүйнө чемпионатынын тарыхында 18 жолу беттеш өткөрүп, бирок бир да жолу жеңишке жете элек.
Дүйнө чемпионатындагы негизги көңүл бул жолу Иран курама командасына бурулду. Быйыл февралда АКШ кол салгандан кийин ирандыктар чемпионатка келбейт деген күтүүлөр болгон. Ошентсе дагы согуш абалындагы өлкөнүн командасы мелдешке катышууда. Беттештер АКШда өтүп жатканы менен Иран машыгуу базасын Мексикадан тандады. Команда үчүн бардык жагынан басым жана кыйынчылыктар бар. Ошого карабай эки беттешинде тең чыкты.
Бельгия – Египет 1:1
Иран – Жаңы Зеландия 2:2
Бельгия – Иран 0:0
Жаңы Зеландия – Египет 1:3
27-июнда бул тайпанын чечүүчү оюндары өтөт. Египет менен Иран беттешсе, Жаңы Зеландия тайпадан чыгуу үчүн Бельгия менен ойнойт.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Египет | 2 | 1 | 0 | 1 | 2 | 4 |
| Иран | 2 | 0 | 0 | 2 | 0 | 2 |
| Бельгия | 2 | 0 | 0 | 2 | 0 | 2 |
| Жаңы Зеландия | 2 | 0 | 1 | 1 | -2 | 1 |
H тайпасы: Испанияга туруштук берген Кабо-Верде
H тайпасы: Испания, Уругвай, Кабо-Верде, Сауд Арабиясы
Дүйнө чемпионатынын бул жолку сенсациясы Кабо-Верде болду. Албетте, мындай өлкө бар экенин чынында көптөр биле бербеши анык. Алар учурдагы Европанын чемпиону испандар менен тең чыккандан кийин бул өлкөнү тааныбаган футбол ышкыбозу калбады окшойт. Аралдагы чакан өлкөнүн курама командасы дүйнөлүк футбол грандына каршы беттеште мыкты коргонуусун көрсөттү. Испандардын үстөккө-босток чабуулдары Кабо-Верденин коргонуусун жарып өтө алган жок. Дарбазачы Возинья беттештин эле эмес, чемпионаттын каарманы болуп калды.
Испандар 2010-жылы дүйнө чемпиону болгон. Бул жолу жаңы муун, күчтүү оюнчулар менен келди. Алгачкы эле беттештерде Ламин Ямаль менен Нико Уильямстын оюндары купулга толууда.
Испания - Кабо-Верде 0:0
Сауд Арабиясы– Уругвай 1:1
Испания – Сауд Арабиясы 4:0
Уругвай - Кабо-Верде 2:2
Бул тайпанын чечүүчү беттештери Кабо-Верде менен Сауд Арабиясынын ортосунда 27-июнда өтөт. Ушул эле күнү Уругвай менен Испания беттешет. Кабо-Верде менен Уругвай экиден упайга ээ. Эгерде кабоверделиктер Сауд Арабиясын ута турган болсо, тайпадан чыгышы мүмкүн. Ал үчүн Испания Уругвайды утушу керек.
I тайпасы: Франциянын үстөмдүгү, Ирактын 40 жылдан кийинки чемпионаты
I тайпасы: Норвегия, Сенегал, Ирак, Франция
Бул тайпанын эле эмес, жалпы чемпионаттын фаворити саналган Франция күчтүү курам менен келди. Ал тайпадагы эки беттешин тең утту.
40 жылдан кийин дүйнө чемпионатына катышып жаткан Ирак курама командасы Норвегияга 1:4 эсебинде утулуп калды. Ирактын жалгыз голун команданын мыкты чабуулчусу Аймен Хуссейн киргизди. Эсиңиздерде болсо, ал АКШга кирүүдө жети саат бою суракка алынганын медиа жазып чыккан. Басылмалар Аймен Хуссейндин татаал тагдыры тууралуу, бул чемпионат анын өлкөсү, жеке өзү үчүн канчалык маанилүү экени жазууда.
Франция – Сенегал 3:1
Ирак – Норвегия 1:4
Франция – Ирак 3:0
Норвегия – Сенегал 3:2
Бул тайпанын соңку беттештери 26-июнда өтүп, Норвегия менен Франция, Сенегал менен Ирак ойнойт.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Франция | 2 | 2 | 0 | 0 | 5 | 6 |
| Норвегия | 2 | 2 | 0 | 0 | 4 | 6 |
| Сенегал | 2 | 0 | 2 | 0 | -3 | 0 |
| Ирак | 2 | 0 | 2 | 0 | -6 | 0 |
J тайпасы: Лионель Мессинин голдору
J тайпасы: Аргентина, Австрия, Алжир, Иордания
Чемпионаттын алгачкы эле күндөрү аргентиналык футболчу Месси рекорддорду жаңыртууда. Ал дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң көп гол киргизген футболчу катары тизменин сап башына чыкты. Ал бул жолку эки беттеште беш гол киргизди.
Месси эле эмес, анын өлкөсү Аргентина дагы тарыхта калгысы келет. Учурдагы дүйнө чемпиону болгон аргентиналыктар катары менен эки жолу чемпиондукту уткан тарыхтагы үчүнчү курама команда болууга күч үрөп жатат. Мындайга буга чейин Италия жана Бразилия гана жетишкен. Азыркы курамдагы 26 оюнчунун ичинен 17си мурдагы чемпионатта ойногондор. Аргентина үчүн бул жолку турнир оңой болбойт. Анткени тайпадан чыккандан кийин эле дүйнөнүн эң күчтүү командалары кезеги менен туш келиши мүмкүн.
Аргентина – Алжир 3: 0
Австрия – Иордания 3: 1
Аргентина - Австрия 2: 0
Иордания – Алжир 1:2
Бул тайпанын үчүнчү оюндары 28-июнда өтөт. Алжир менен Австрия, Иордания менен Аргентина беттешмекчи.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Аргентина | 2 | 2 | 0 | 0 | 5 | 6 |
| Австрия | 2 | 1 | 1 | 0 | 0 | 3 |
| Алжир | 2 | 1 | 1 | 0 | -2 | 3 |
| Иордания | 2 | 0 | 2 | 0 | -3 | 0 |
Жакынкы Чыгыш өлкөсү Иордания чемпионаттын дебютанты. Анын тайпадан чыгышы оор болуп турат.
K тайпасы: Борбор Азияны козгогон Өзбекстан
K тайпасы: Колумбия, Португалия, Конго, Өзбекстан
23-июнда Өзбекстандын улуттук курама командасы дүйнө чемпионатындагы экинчи беттешинде Португалияга ири эсепте утулду. Өзбекстан тарыхында алгачкы дүйнө чемпионатына катышууда. Бул ийгилиги бүтүндөй Борбор Азияны козгоп, дем берүүдө. Ошондуктан анын беттешин көрүү үчүн коңшулаш өлкөлөрдөн дагы ондогон күйөрмандар барды.
Оюндун алдында Өзбекстандын курама командасынын күйөрмандары Борбор Азиядан келген коноктор үчүн уюштурулган атайын фан-зонага чогулушту. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген күйөрмандарга өзбек палоосу сунушталып, Өзбекстандын курама командасын колдогон ураандар жаңырып турду.
Турнирдеги алгачкы беттешинде Өзбекстан Колумбиядан жеңилип калган. Ошентсе дагы анын дүйнө биринчилигине суурулуп чыкканы бүтүндөй чөлкөм үчүн чоң жеңиш болду.
Бул тайпанын лидери Португалия өзүнүн жылдызы Роналду менен чемпиондук үчүн күрөшкөнү келди. Бул жолу Португалия Роналду менен акыркы чемпионатты өткөрүүдө. Ошондуктан мыкты оюн көрсөтүп, аны менен салтанаттуу коштошуу башкы окуяга айланат. 41 жашка чыккан Роналдунун эң акыркы үмүтү ушул чемпионатты утуу. Анын башка жетишкендиктери көп, бирок дүйнө чемпиону болгон эмес.
Португалия – Конго 1:1
Өзбекстан – Колумбия 1:3
Португалия – Өзбекстан 5:0
Колумбия – Конго 1:0
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырма | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Колумбия | 2 | 2 | 0 | 0 | 3 | 6 |
| Португалия | 2 | 1 | 0 | 1 | 5 | 4 |
| Конго | 2 | 0 | 1 | 1 | -1 | 1 |
| Өзбекстан | 2 | 0 | 2 | 0 | -7 | 0 |
Тайпанын лидерлери Колумбия менен Португалиянын беттеши 28-июнда болот. Эки команда тайпадан ким биринчи болорун чечмекчи. Ушул эле күнү Конго менен Өзбекстан беттешет.
L тайпасы: 60 жылдан бери чемпиондукту эңсеген Англия
L тайпасы: Англия, Гана, Хорватия, Панама
Бул тайпанын лидери экенин Англия алгачкы беттешинде эле далилдеди. Адаттагыдай эле өздөрүн футболдун мекени санаган англиялыктар чемпионатка чоң үмүт менен келишти. Англиялыктардын көптөн көксөгөнү өз тарыхындагы экинчи дүйнө чемпиондугун жеңүү. Анткени алар мындан туура 60 жыл мурун чемпион болушкан. Андан бери футболчулардын бир нече мууну картайды.
Бул жолку чемпионаттын ардагер оюнчуларынын бири Хорватиянын лидери Лука Модрич. Ал тайпалык оюндарда өзүнүн 200-беттешин өткөрүп, дүйнө легендаларынын катарына кирди. Ал улуттук курама команда үчүн 200 оюн өткөргөн дүйнөлүк футбол тарыхындагы төртүнчү футболчу болуп калды.
Англия – Хорватия 4:2
Гана – Панама 1:0
Англия – Гана 0:0
Панама – Хорватия 0:1
28-июнда тайпанын чечүүчү беттештери Хорватия менен Гана ортосунда өтөт. Ушул эле күнү Панама менен Англия ойнойт. Үчүнчү чечүүчү оюндардан кийин гана тайпадан ким биринчи болуп чыгары аныкталмакчы.
| команда | оюндар | утуш | утулуш | тең чыгуу | гол айырмасы | упай |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Англия | 2 | 1 | 0 | 1 | 2 | 4 |
| Гана | 2 | 1 | 0 | 1 | 1 | 4 |
| Хорватия | 2 | 1 | 1 | 0 | -1 | 3 |
| Панама | 2 | 0 | 2 | 0 | -2 | 0 |
Ким мыкты? Бомбардирлер мелдеши
Бул жолку дүйнө чемпионаты эки муундагы эң мыкты чабуулчулар ортосундагы мелдеш дагы болуп калмакчы.
Жогоруда белгилеп өткөндөй, тарыхта рекорд койгон бомбардирлердин мелдешине айланууда.
Азырынча эң көп гол киргизген чабуулчулардын тизмесин аргентиналык Месси жетектеп жатат. Ал эки оюнда беш гол жаратты. Анын артынан франциялык Мбаппе менен норвегиялык Холанн төрттөн гол киргизишти.
Месси жаңы рекорддун ээси дагы болуп калды. Дүйнө чемпионатынын тарыхында Германиянын мурдагы чабуулчусу Клозе 16 голу менен тизменин сап башында турса, 38 жаштагы Месси 18 гол киргизип, жаңы рекорд койду.
Мбаппе болсо 16 оюнда 16 гол киргизип, Клозенин көрсөткүчүнө теңелди. 25 жаштагы Холанн дүйнө чемпионатындагы алгачкы эки оюндун ар биринде көп гол киргизген тарыхтагы алтынчы футболчу болду.
Быйылкы чемпионатта жаңы ысымдар дагы кошулушу мүмкүн.
Испаниялык Ямал жаш болсо дагы мыкты оюнчу экенин далилдеп келүүдө.
Шерине