УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын Будапештте өткөн финалдык беттешинде «Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубу "Арсеналды" уткандан кийин Францияда күйөрмандар менен полициянын кагылышуусунан 219 киши жараат алды, 800дөйү кармалды, 450дөн ашууну камакта.
Сегиз кишинин абалы оор экенин Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлери Париждин автобус, темир жол каттамдарын үзгүлтүккө учураткан башаламандыкты басууга тартылды. Тополоңдо 57 полиция кызматкери жараат алды.
30-майда УЕФАнын (Европанын футбол ассоциацияларынын бирлиги) Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде ПСЖ ("Пари Сен-Жермен") клубу Лондондун "Арсенал" клубун жеңип алган.
Оюндар өтүп жаткан маалда финалды көрүү үчүн стадионго келген ПСЖ клубунун күйөрмандары полиция менен кагылышкан.
Күйөрмандар фейерверк жана белги берүүчү ракеталарды атышкан. Шаардын борборунда полиция топтолгон элди таратуу үчүн жаш агызуучу газ колдонгон.
Полиция тополоңдо алты автоунаа, эки мекеме жана автобус аялдамасына зыян келтирилгенин кабарлады. Тополоңдун катышуучулары түндө тосууга аракеттенген айланма жолдогу кырсыктан бир киши каза тапкан.
31-майда күндүз ПСЖнын оюнчулары Парижде жеңишке арналган жүрүшкө катышкан. Жүрүштө тартипти камсыздоого 6 миңдей полиция кызматкери тартылган.
Францияда мындай башаламандык былтыр да ПСЖ Чемпиондор Лигасында биринчи жолу жеңишке жеткенде да орун алып, ал кездеги кагылышуулар эки кишинин өмүрүн алган.
Шерине