Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Хаменеинин өлүмү: Атайын операция кандай даярдалган?

Тегерандагы Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин резиденциясындагы кыйроолор (спутниктен алынган сүрөт). 28-февраль, 2026-жыл.
Тегерандагы Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин резиденциясындагы кыйроолор (спутниктен алынган сүрөт). 28-февраль, 2026-жыл.

Дүйнөлүк медиа Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин өлтүрүлүшү боюнча операциянын айрым деталдарын өз булактарына таянып жазууда. Сокку түн ортосунда эмес, эртең менен болгон.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) бир нече ай бою аятолла Хаменеинин артынан аңдып, 28-февралда эртең менен анын резиденциясында Ирандын жогорку кызматтагы жетекчилеринин жолугушуусу өтөрүн аныктаган.

Бул тууралуу New York Times басылмасы өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты. Басылмага маалымат берген булак АКШ менен Израил чабуулдун убактысын башында түн ортосуна белгилеп, кийин таңкы жыйынды күтүүнү чечишкенин билдирген.

Хаменеинин кайсыл жерде экени тууралуу маалымат ошол жерде жүргөн агенттен алынган болушу мүмкүн. Бирок эң ыктымал жоромол - аятолла жана башка ирандык жетекчилердин баскан-турганын заманбап технологиянын жардамы менен көзөмөлдөп турушкан.

Чалгын маалыматтарынан кабары бар булактын басылмага айтканына караганда, Борбордук чалгын кызматы Хаменеи кайсыл жерде боло турганы тууралуу так маалыматты Израилге берген. Израил өзүндөгү жана ЦРУ берген маалыматтар аркылуу бир нече ай бою даярдап келген операциясын ишке ашырып, Ирандын жогорку даражалуу жетекчилерин жок кылууну чечкен.

АКШ менен Израил өзүнүн милдеттерин бөлүшүп алганын болжоого болот. Израилдин күчтөрү Иран жетекчилиги жайгашкан буталарга сокку урууга басым жасаса, АКШ аскердик объектилерди бутага алган. Чалгын кызматтары Ирандын жетекчилери тууралуу жетиштүү маалыматтарды берген. Израилдин аскер учактарына Тегеранга жетиш үчүн болжол менен эки саат талап кылынат. Бирок алар канча аралыктан чабуул жасаганы белгисиз.

Маалыматтарга караганда, чечим кабыл алынгандан кийин израилдик аскер учактары жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 9:40та өтө кубаттуу 30 бомба таштаган. Балким, жогорку лидер коопсуздугу үчүн комплекс алдындагы бункерге түшүп кеткендиктен улам болушу мүмкүн экени болжонууда (бирок бункер өтө терең эмес экени кабарланды).

Ирандын борборундагы башка объектилер дагы жабыркаган. Президент Масуд Пезешкиандын кеңсеси дагы жабыркап, кийинчерээк анын коопсуз жерде экени айтылды.

Иран чабуулдан Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министринин бригадалык генералы Азиз Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси, генерал Мохаммад Пакпур өлгөнүн ырастады.

Учактар сокку урганда АКШ президенти Дональд Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында жогорку даражалуу бир катар аткаминерлер менен бирге окуялардын өнүгүшүн көзөмөлдөп турганы айтылууда.

Ирандын жогорку лидери өлтүрүлгөнү расмий түрдө ырасталганга чейин бир нече саат өткөн.

Иран өзүнүн жогорку лидери “душмандарынын көзөмөлүндө” экенин жакшы билген. Демек, бул жерден коркунучту алдын ала аныктап, жок кыла албаган үчүн Ирандын коопсуздук жана чалгын кызматында олуттуу кемчилик бар десе болот же Израил менен АКШнын чалгын кызматтарынын өтө жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Ирандын бийлиги күндүз чабуул жасалат деп күтпөгөн болушу да мүмкүн.

The Wall Street Journal жазгандай, мунун алдында Израилдин жогорку аскер жетекчилери, анын ичинде Аба күчтөрүнүн командачысы, аскердик чалгындын башчысы жана тышкы чалгын кызматы “Моссаддын” директору Вашингтонго тынымсыз каттап турган.

WSJ Израилдин чалгын кызматы дагы АКШга маалыматтарды бөлүшүп турганын жазды.

Аталган басылма дагы бир макаласында Иранга урулган ири аба соккулары маалында Anthropic компаниясы иштеп чыккан “жасалма акыл” да колдонулганын жазды.

Басылманын булактарынын маалыматында, бардык жердеги аскер жетекчилери, анын ичинде АКШнын Жакынкы Чыгыштагы Борбордук командачылыгы — United States Central Command (CENTCOM) Claude AI системасын колдонушкан. CENTCOM бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Claude - жашыруун аскердик өнөктүктө колдонулган алгачкы нейротармак болуп калды. Буга чейин Пентагон аны Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармоо боюнча атайын күчтөрдүн операциясында пайдаланган.

Ошол эле маалда буга чейин Трамп бардык өкмөттүк мекемелерге Anthropic компаниясынын технологияларын колдонууга тыюу салган. Ал бул компанияны "радикалдуу солчул" атап, Пентагонго шарттарды коюп, аскерлерге “басым жасоого” аракет кылганын билдирген.

Тегерандaгы жарылуудан кийин көтөрүлгөн түтүн. 1-март, 2026-жыл.
Тегерандaгы жарылуудан кийин көтөрүлгөн түтүн. 1-март, 2026-жыл.

Бул жаңжал аскердик максаттарда жасалма интеллектти колдонуу боюнча пикир келишпестиктерден улам тутанган. Anthropic катаал этикалык чектөөлөрдү талап кылган. Анын ичинде массалык түрдө көзөмөл кылуу жана автономдуу учуучу куралдардан баш тартууну жактап чыккан. Ал эми Пентагон каалаган куралдарды колдонуу укугун талап кылган.

Коргоо министринин орун басары Эмил Майкл Anthropic компаниясынын жетекчилигин "армияны көзөмөлдөөгө умтулуп, улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда" деп айыптаган.

Буга чейин Трамп Ирандагы операциянын максаты "ирандык катаал режимдин коркунучун жок кылуу" экенин билдирген. АКШ президентинин айтымында, операция Ирандын өзөктүк жана ракеталык программасына каршы багытталган жана Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөөнү көздөйт.

28-февралда Дональд Трамп Тегеранга каршы Израил менен биргеликте ири аскердик операция башталганын жарыялады. Ал муну Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учрашына байланыштырды.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменеинин өлтүрүлүшүн "ырайымсыз кылмыш" атап, мунун жообу катаал болорун убада кылды.

Хаменеинин өлтүрүлүшү жаңжалдын мындан аркы өнүгүшүнө кандай таасир этери азырынча белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG