Өлкөнү дээрлик кырк жыл бою башкарган жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи 28-февралда 86 жашында АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынан каза тапты.
Рахбардын өлүмү
АКШнын президенти Дональд Трамп ишемби күнү кечинде Хаменеинин каза болгонун жарыялады: "Дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор корбашылары өлтүргөн, майып кылган мыкты америкалыктар, дагы далай өлкөлөрдүн жарандары үчүн адилеттик", - деп жазды АКШ президенти Truth Social соцтармагындагы постунда.
Бир нече сааттан кийин Ирандын расмий маалымат каражаттары анын каза болгонун ырасташты. Телеканалдын алып баруучусу бул кабарды эфирде жарыялап жатып жашып кетти:
"Жогорку лидердин шейит кетиши менен анын жолу жана миссиясы жоголбойт жана унутулбайт, чоң энергия жана чын ыклас менен улантылат", - деп жазылган алып баруучу окуган расмий билдирүүдө.
Ишембинин кечинде Тегерандын жана Ирандын башка шаарларынын көптөгөн тургундары аятолланын өлүмү тууралуу кабарды кубаттап, кубаныч менен кабыл алганы тууралуу маалыматтар тарады.
Хаменеинин өз элине күч колдонушу, оппозициянын өкүлдөрүн камакка алуусу жана тышкы кысымга, айрыкча АКШ менен Израилдин кысымына катуу каршылык көрсөтүүсү анын өлкөсүн эл аралык коомчулуктан обочолонтуп, аятолланы катаал авторитардык лидерге айлантты.
"Хаменеинин башкаруусу Иран элинин жанына баткан, өз өлкөсү дүйнө коомчулугунан обочолонуп, алсырап калгандыктан, көпчүлүк адамдар эмиграцияны жалгыз үмүт катары көргөн, - дейт Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун Иран программасынын директору Алекс Ватанка.
Хаменеинин бийликтеги акыркы жылдары өлкө боюнча өкмөткө каршы байма-бай нааразычылык акциялары жана мамлекеттик катаал репрессиялар менен коштолуп, миңдеген демонстранттар бейкүнөө ажал тапты.
2017-жылы азык-түлүктүн кымбаттыгына, 2019-жылы бензиндин баасына, 2021-жылы суу тартыштыгына, 2022-жылы хижаб мыйзамын бузган деп айыпталган студент кыз Махса Аминин абакта каза болушуна байланыштуу акциялар Иранда өкмөткө каршы маанай кескин күчөгөнүн айгинеледи.
Бийликке каршы акциялардын ичинен 2025-жылдын декабрь айынын аягындагы нааразылыктарда киши каны көп төгүлдү. 2026-жылдын январь айынын башына чейин уланган акциялар аеосуз басылды. Адам укуктарын коргогон уюмдар ошол убакта 7000ден ашык киши өлгөнүн тастыктады, бирок жабык мамлекетте чыныгы көрсөткүч мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилешти. Айрым эсептөөлөрдө курмандыктар бул эсептен төрт эсеге көп.
Хаменеи өзүнүн бийлигине карата нааразычылыктар үчүн эч качан жоопкерчилик алган эмес, тескерисинче,Ислам Республикасын алсыратууга аракет кылып жатат деп тышкы күчтөрдү күнөөлөп келди.
Ислам жумуриятынын бийлиги 1-мартта Тегерандын борборунда Хаменеини эскерген митинг өткөрдү.
Аны жаш кезинен бери билгендер узун бойлуу, сымбаттуу динаятчы, адабиятты сүйгөн, чылым тарткан жана жаштар менен көп баарлашкан адам катары эскеришти. Бул анын акыркы жылдардагы образы менен карама-каршы келет, анткени ал соңку жылдарда Иранга каршы кутум уюштурууда деп тышкы жана ички душмандарды "жалындуу сөздөр" менен айыптаган улгайган киши катары элдин эсинде калды.
Ондогон жылдар бою жогорку лидер (рахбар) Ирандагы дээрлик бардык маселелер боюнча акыркы чекитти койгон. Аялдардын коомдук жайларда велосипед тебүүсүнөн тартып, Ирандын АКШ менен мамилеси же тышкы саясатка чейин... Кошмо Штаттарды ал "чоң шайтан" деп атачу.
Хаменеи сот бийлиги, мамлекеттик телерадиоберүү жана куралдуу күчтөр сыяктуу негизги институттарды эркин, кенен-чонон бийлеген. Күч керек болгондо Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана коркуу сезими күч болгон атайын кызматтардан турган коопсуздук аппаратына таянган.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусун күчөтүү менен ал өлкөнүн саясатын милитаризациялап, дин кызматкерлерин баш ийдирип алган", - деп белгилейт Эл аралык кризистик топтун Иран боюнча долбоорунун директору Али Ваез.
Бийликке карай жол
Али Хаменеи 1939-жылы Мешхедде туулган. Ал дин кызматкеринин экинчи уулу болгон. Али жаш кезинде эле диний билим ала баштаган. Өспүрүм кезинде революционер Сайид Навваб Сафавиден таасирленип, кийин ыйык Кум шаарында Ислам жумуриятынын болочоктогу негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейниден билим алган.
Хаменеи жөнөкөй жана такыба теолог катары кадыр-баркка ээ боло алган. 1962-жылы Хомейнинин революциялык кыймылына кошулган, ал шахтын режимине жана анын Американы жактаган саясатына каршы чыккан. Хаменеинин революциялык ишмердүүлүгү бийликтин назарын буруп, ал көп жолу камалып, абакка отуруп чыккан.
1964-жылы 25 жаштагы Хаменеи оорулуу атасын кароо үчүн Кумдан кеткен. Мешхедде ал Куран жана ислам идеологиясынан сабак берген, мындан улам камакка алынып, кыйноого кабылган, сүргүнгө айдалган. 1979-жылы Ислам революциясы ишке ашкандан кийин устаты Хомейни Али Хаменеини Ислам революциялык кеңешине мүчө кылып дайындаган.
Кийинчерээк ал диний башкарууда бир нече көрүнүктүү кызматтарды ээлеген, анын ичинде эки мөөнөт президент болгон. Ал 1981-жылы кол салууга кабылып, оң колу иштебей калган.
1989-жылы Хомейни каза болгондо, Хаменеи атайын диний башкаруу органы болгон Ирандын Эксперттер ассамблеясы тарабынан экинчи жогорку лидер болуп шайланган.
Бул чечимге көптөр, жада калса Хаменеинин өзү да таң калган.
"Мени жогорку лидерликке көрсөтүүгө аргасыз болгон ислам коому үчүн биз көздөн кан аккыча жаш төгүшүбүз керек", - деген Хаменеи жогорку кызматка киришип жатып.
"Бир дагы саясий фракцияларга кирбеген устатынан айырмаланып, аятолла Хаменеи консервативдик лагердин иш жүзүндөгү лидери болгон ", - деди Али Ваез.
Салмактуу лидердин кулашы
Хаменеи бийликтеги доорунда Кошмо Штаттарына ачык каршы чыгып, аны Ислам Республикасын кулатып, шахтын тушундагыдай Иранды калыбына келтиргиси келип жатат деп күнөөлөп келди.
Анын жетекчилиги астында Иран аймактагы таасирин "каршылык огу" деп аталган бейформал прокси тармагы, Тегеран колдогон куралдуу топтор жана союздаш режимдер аркылуу күчөттү. Алар Ирандын Батышка, араб дүйнөсүндөгү атаандаштарына жана Израилге каршы туруу стратегиясында чечүүчү ролду ойноду.
Бирок, ал стратегия 2024-жылы Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулап, Ливанда "Хезболланы" жок кылуу боюнча Израилдин операциясынан кийин иштебей калды. Йемендеги хусилердин күчүн жоготкону, 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге кол салуу, жөөттөрдүн Газадагы чабуулунан кийин тилкеде ХАМАСтын алсырашы буга кошул-ташыл болуп берди. Хаменеи 2025-жылдын июнь айында Израилдин Иранга каршы 12 күндүк согушу учурунда коомчулукка чыкпай калып, саясий чөйрөдө анын лидерлиги боюнча күмөн саноо жаралган.
Хаменеи бийлик чылбырын кармап турган кезде Ирандын көптөгөн президенттери менен тирешип келди. Ислам жумуриятында рахбардын ыйгарым укуктары мамлекет башчысынан ашат. Кийинчерээк көптөгөн президенттер кызматтан четтетилген.
Көптөгөн эксперттердин айтымында, бир гана Хаменеинин мураскерлигине даярдалып жаткан катаал диниятчы Ибрагим Раисиге артыкчылык берилген. Бирок Раисинин 2024-жылдын май айында тик учак кырсыгында каза табышы Хаменеинин мураскерлик пландарынын быт-чытын чыгарган.
Али Хаменеинин аялы, төрт уулу, эки кызы жана неберелери бар. Ирандын маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, мурдагы жогорку лидердин кыздарынын бири, небереси, күйөө баласы жана келини ишембидеги сокку маалында каза тапты.
Эми эмне болот?
Консервативдүү дин кызматкерлери басымдуулук кылган жана 88 мүчөдөн турган Эксперттер ассамблеясы эми Хаменеинин мураскерин дайындашы керек. Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин бир мүчөсү убактылуу башкарарын IRNA маалымат агенттиги биринчи вице-президент Мухаммад Мохбериге шилтеме кылып жазды.
Ал тапта 1-мартта Иранда шиялардын таасирдүү диниятчысы Алиреза Арафи жогорку руханий лидердин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын мамлекеттик ISNA агенттиги кабарлады. Аны көптөн бери аятолла Али Хаменеинин мураскери катары атап келишкен.
Ирандагы диний окуу жайлар тармагын башкарган Алиреза Арафи 67 жашта. Анын атасы Мохаммад Ибрагим Рухолла Хомейнинин (1902–1989) жакын досу, өзү 28-февралда өлтүрүлгөн Али Хаменеинин ишенимдүү өкүлү болгон. Арафи Конституцияны коргоо кеңешине жана жогорку лидерди шайлай турган Эксперттер кеңешине мүчө.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиандин салмагы өлкөнүн саясий чөйрөсүндө орточо.
Хаменеинин өлүмүнө байланыштуу өлкө боюнча 40 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Бул күндөрү кеңселер иштебейт, мекеме-ишканалар жети күнгө жабылат.
Ислам жумурияты быйыл февраль айында Ислам революциясынын 47 жылдыгын белгиледи. Эми Иран режиминин келечеги АКШ менен Израилдин аскердик операцияларына жана иран элинин реакциясына жараша болот.
"Ирандыктардын боштондугуна аз калды"
Америкалык белгилүү саясий баяндамачы, Жорж Буштун администрациясынын мурдагы кызматкери Марк Тиссен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна: "Иран элинин боштондугуна аз калды. Иран эли 1979-жылдан бери аятолалар башкарган деспоттук, радикалдуу режимдерден азап тартып келатат. Эми аларда ордунан туруп, өз өлкөсүн кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар", - деди.
Бири бирине сокку уруу
Ал тапта 1-мартта Тегеранга абадан сокку урулуп жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатат.
Иранда акыркы чабуулдарда канча киши каза таап, жараат алганы белгисиз. Буга чейин кеминде 200 киши каза таап же жаракат алды деген маалыматтар айтылган.
Израилдин Ирандын Илам провинциясындагы Мехран базасына жасаган соккусунан 22 жоокер мерт болду, дагы кеминде 21 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу жекшембиде Tasnim маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, “бомбалоо менен коштолгон” чабуулда Имам Хомейни аянтындагы Мехран чек ара бөлүгү бутага алынган.
Иран да өз кезегинде жооп кайтарып, Израилди бутага алууда. Израилде Ирандын ракеталык соккусунан ондой адам набыт болуп, дагы 20дан ашууну жараат алды. The Times of Israel басылмасы Тез жардам кызматына шилтеме кылып Бейт-Шемеш шаарына баллистикалык ракета кулаганын жазды.
Трамптын билдирүүсү
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы бийликтери сүйлөшүү ниетин билдиргенин, өзү да диалогго даяр экенин билдирди. "Алар сүйлөшүү ниетин билдиришти, ошондуктан мен алар менен сүйлөшөм. Мурдараак ошентишсе болмок. Эртерээк эле ыңгайлуу жана жеңил жагын эске алып сунуш кылышса болмок. Өтө узакка созулуп кетти", - деди Трамп The Atlantic басылмасына берген интервьюсунда. Ал сүйлөшүү качан болушу мүмкүн деген суроого жооп берген жок.
Ал тапта израилдик Ynet басылмасы америкалык жетекчилердин бирине шилтеме берип, Тегеран АКШнын ок атууну токтотуу сунушун четке какты деп жазды. Андагы маалыматта Вашингтон ортомчулар аркылуу Тегеранга атайын операциянын эртеси ок атууну токтотууну сунуштаганы айтылат. Иран андай сунушка көнгөн эмес.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.
Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги Ирандын учкучсуз истребителдери Абу-Дабидеги француз аскер-деңиз базасын бутага алганын билдирди. Ирандын ракеталары Араб деңизиндеги америкалык согуштук кемеге сокку урду. Пентагон бул чабуул максатына жеткен жок деп билдирди.
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан. БАЭ өлкөнүн эгемендигин, улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.