Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Иран-Израил соккуларды улантууда. Азербайжан ирандык дрон чабуулун айыптады

Тегерандагы соккудан кийин асманга көтөрүлгөн түтүн. 5-март.
Тегерандагы соккудан кийин асманга көтөрүлгөн түтүн. 5-март.

Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы соккуларын улантып жаткан маалда, жаңжал Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүнө да жайылып жатат. Иран жооп иретинде коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Азербайжанга сокку урду. Ал эми Израил Ливандын түштүгүндө «буфердик аймак» түзүүгө аракет кылууда.

АКШ менен Израил Иранга алтынчы күн катары менен абадан чабуул коюп жаткан учурда, Тегерандын жооп соккуларынан жабыркаган өлкөлөрдүн саны өсүүдө. Ирандын бутасына аскердик объектилер гана эмес, жарандык инфраструктура да кабылды.

5-мартта Азербайжандын аймагына Ирандын дрондору кулады.

Нахчыван аймагына түшкөн дрондордон эки адам жаракат алган. Бир дрон Нахчыван аэропортуна тийсе, экинчиси мектеп имаратынын жанына кулаганын Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Азери президенти Илхам Алиев бул чабуулду «Азербайжандын аймагына жана мамлекетине каршы жасалган террордук аракет» деп атады.

Тышкы иштер министрлиги Баку «жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырарын» билдирди.

Иранда миллиондогон этностук азербайжандар жашайт. Ошондой эле Азербайжан Израилге мунай жеткирген негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Израил Бакунун көп жылдан бери коргонуу тармагында маанилүү өнөктөшү.

Азербайжандын көпчүлүк жарандары Израил берген аскердик жабдуулар Тоолуу Карабак аймагын Армениядан кайра кайтарып алуу кампаниясында чоң роль ойногон деп эсептешет.

Бир күн мурда Ирандан учурулган баллистикалык ракета Түркиянын аба мейкиндигин көздөй учуп бара жатканда НАТОнун абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн түрк бийлиги билдирди.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Иранды айыптады. Бирок бул окуя альянстын жамааттык коргонуу тууралуу 5-беренесин иштетүүгө азырынча негиз бербей турганын айтты.

«Эң маанилүүсү НАТОнун канчалык күчтүү жана сергек экенин көрүштү. Ишембиден бери биз мындан да сак болууга аракет кылып жатабыз», — деди Рютте.

5-беренеге ылайык, «альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу деп эсептелет». Мындай кол салуу болсо НАТОнун ар бир мүчөсү агрессияга жооп кайтаруусу каралган.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Марко Рубио Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен сүйлөшүп, акыркы окуяларды талкуулаганын жана расмий Анкарага «толук колдоо» көрсөтүлөрүн билдиргенин айткан.

Иран Израилге жана аймактагы башка өлкөлөргө ракета жана дрондор менен сокку уруп жаткандыктан, Жакынкы Чыгышта аба каттамдары үзгүлтүккө учурады.

Батыш өлкөлөрү аймакта калган миңдеген жарандарын эвакуациялоого аракет кылууда.

Трамп: АКШ күчтүү

Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы согушта «абдан күчтүү позицияда» экенин билдирди.

«Азыр биз абдан күчтүүбүз, алардын жетекчилиги тез эле алмашып жатат. Ким лидер болууну кааласа, көп өтпөй өлүп жатат», — деди Трамп 4-мартта Ак үйдө технология тармагындагы лидерлер менен жолугушууда.

Американын президенти Иранга каршы биргелешкен операция улантыларын билдирди. Анын айтымында, бул операциянын жүрүшүндө Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жана өлкөнүн коопсуздук, аскердик жана саясий жетекчилеринин бир нечеси өлтүрүлгөн.

Трамп ошондой эле Тегерандын баллистикалык ракеталар арсеналы «тездик менен жок кылынып жатканын» айтты.

Американын Коргоо министри Пит Хегсет АКШнын суу астындагы кайыгы Шри-Ланка жээгине жакын жерде Ирандын аскер кемесин чөктүргөнүн ырастады.

Анын кесепетинен кеминде 87 деңиз аскери каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган же дайынсыз болуп жатканы кабарланууда.

Шри-Ланканын бийлиги билдиргендей, 32 ирандык деңизчи куткарылган.

Дональд Трамп буга чейин Иранга сокку урууга буйрук бергенин айтып, мунун максаты өлкөнүн өзөктүк курал иштеп чыгышына жол бербөө болгонун билдирген. Ошондой эле ал Тегеран баллистикалык ракета программасын токтотушу керектигин айткан.

АКШнын согушка жердеги аскерлерди жибериши мүмкүн деген тынчсызданууларга жооп кылып, Ак үй азырынча Иранга америкалык аскерлерди жайгаштыруу планы жок экенин билдирди.

Нетаньяху: тарыхый жетишкендик

Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Кошмо Штаттар менен биргеликте Иранга каршы согуштун алтынчы күнүндө «тарыхый жетишкендиктерге» жетишкенин билдирди.

«Израил жана АКШ жарандарды жана цивилизациялуу дүйнөнү коргоо үчүн биргелешип тарыхый жетишкендиктерге жетишти», — деди өкмөттүн өкүлү Шош Бедросян видео кайрылууда.

Бедросяндын айтымында, Иранга каршы чабуул зарыл болгон. Ал Иранды «жер алдындагы жаңы бункерлерде өзөктүк программасын кайра калыбына келтирип жатат» деп айыптап, Тегеран Израилге жана аймактагы АКШ күчтөрүнө чабуул жасоону пландап жаткан белгилер болгонун айтты. Бирок бул дооматтарды тастыктаган маалымат берген жок.

Маалыматтарга караганда, Израилдин аскерлери буга чейин эле Ливан аймагына чек ара аркылуу кирген. Бирок бул операциянын так чоо-жайы азырынча толук белгилүү эмес.

5-мартта Израилдин армиясы Бейрут шаарынын түштүк четиндеги тургундарды тез арада коопсуз аймактарга чыгып кетүүгө чакырды.

«Өмүрүңөрдү сактап калгыла жана дароо үйлөрүңөрдү таштап чыгып кеткиле», — деп билдирди Израил армиясынын өкүлү Авихай Адраи X социалдык тармагында.

АКШ Сенатындагы добуш берүү

4-мартта АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерди Конгресстин уруксатысыз улантуу укугун чектөөнү караган сунушту четке какты.

Бул демилге кабыл алынса, мындан аркы соккуларды жүргүзүү үчүн АКШ Конгресси атайын уруксат бериши керек болмок. Бирок республикачыл сенаторлор негизинен ага каршы чыгып, президент башкы командачы катары аскердик операцияларды жетектөөгө укуктуу экенин айтышты.

Демократтар бул добуш берүүнү конституциялык мааниге ээ сыноо катары мүнөздөштү. Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер мыйзам чыгаруучулар «балдарыбызды согушка жөнөтөбүзбү же жокпу» деген маселени чечиши керектигин айтты.

Республикачыл лидерлер болсо президентти коргоп чыгышты. Сенатор Жон Тьюн Трамп АКШнын аскерлерин коргоо үчүн аракет кылып жатканын билдирди. Ал эми Линдси Грэм сунушталган резолюция Конституцияга каршы келерин айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG