Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас Иран согушту башка өлкөлөргө жайылтууга аракет кылып жатканын билдирди. Мындай пикири менен ал 5-мартта шаркеттин тышкы иштер министрлери жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн министрлери менен өтө турган бейформал видеоконференцияны утурлай бөлүштү.
«Иран согушту экспорттоп, аны мүмкүн болушунча көп өлкөгө жайылтууга аракет кылууда. Бул аркылуу башаламандык жаратууну көздөп жатат», — деди Каллас. Ал кошумчалагандай, аймактагы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө алар Ирандын ичиндеги кырдаалга да тынчсыздануусун билдиришкен.
«Биз аймактагы өлкөлөр менен сүйлөшкөндө, алар Ирандын ичинде жарандык кагылышуулар чыгып кетиши мүмкүн деп да кооптонуп жатышканын айтышат. Анткени режимдин жетекчилигине байланышкан көйгөйлөр жана өлкөнүн ичиндеги кырдаал көп суроо жаратууда», — деди башкы дипломат.
Калластын сөзүнө караганда, адатта режимдер сырттан жасалган чабуулдан эмес, ички алсыздыктан улам солгундайт.
Ал ошондой эле азыр Киев шаарына каршы колдонулуп жаткан дрондор Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө да колдонулуп жатканын айтты.
«Киевге чабуул коюп жаткан ошол эле дрондор азыр Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүбүзгө каршы да колдонулууда. Ошондуктан биз дрондорду атып түшүрө турган системаларды өндүрүүнү кантип колдой аларыбызды карап чыгабыз», — деп жазды Каллас X социалдык тармагында.
Ошол эле учурда Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы айрым мамлекеттер Ирандын дрондору жарандарга каршы колдонулуп жатканына байланыштуу Украинанын тажрыйбасын бөлүшүүнү суранып жатканын билдирди, жардам берүүгө даяр экенин айткан.
Шерине