АКШнын коргоо министри Пит Хегсет 10-март Иранга операция башталгандан бери “эң катуу (интенсивдүү)” сокку урулган күн болорун эскертти.
“Эң көп сандагы истребителдер, максималдуу сандагы бомба таштоочу учактар, максималдуу соккулар, мурда болуп көрбөгөндөй эң так жана сапаттуу чалгын маалыматтары”, - деп айтты брифинг учурунда министр.
Пентагондун башчысы күтүлүп жаткан соккулардын көлөмүн тактаган жок, бирок Ирандын ракеталарын жана аскердик өнөр жайынын дараметин, аскердик флотун жок кылуу максаты турганын белгиледи.
Социалдык тармактарга 10-мартта чыккан маалыматтарга ылайык, Тегеран, Караж, Исфахан, Занжан, Тебриз, Арак, Бушер жана башка шаарларда буга чейинкиден масштабдуу, кубаттуу чабуулдар, жарылуулар болду.
Бир күн мурда эле АКШнын президенти Дональд Трамп Флоридадагы өзүнүн гольф клубунда журналисттер менен сүйлөшүп жатып, согуш «жакында аяктарын» айткан.
Бирок ал так мөөнөт айткан жок жана операциялар бул жумада уланышы мүмкүн экенин кыйытты.
«Бул жерден токтотсок да болот, бирок биз мындан ары да барабыз», — деди ал.
Трамп АКШнын кийлигишүүсү Иранга «Жакынкы Чыгышты көзөмөлүнө алууга» жол бербей койгонун да белгиледи.
Президенттин мындай оптимисттик билдирүүлөрү Вашингтондо бул жаңжалдын максаты, чыгымы жана мындан аркы өнүгүүсү тууралуу талкуулар күчөп жаткан маалда айтылды.
Согуш жүргүзүүнүн башкача ыкмасы
Дональд Трамп менен мурда иштеген айрым адамдардын айтымында, президенттин азыркы кадамдары АКШ согушту мурдагыдай эмес, башкача жол менен жүргүзө баштаганын көрсөтөт.
Трамптын биринчи мөөнөтүндө Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген Александр Грей президент АКШда Ирак согушунан бери калыптанган “согушка кантип аралашуу керек” деген түшүнүктү өзгөртүүгө аракет кылып жаткандай көрүнөт деп айтты. Мындай пикири менен Грей 9-мартта "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде бөлүштү.
Грей кошумчалагандай, адатта америкалык саясатчылар көп учурда тандоону эки вариант менен гана түшүндүрүп келишкен. Же көп сандагы аскерлерди киргизип, узак мөөнөттүү кампаниясын жүргүзүү, же болбосо аскердик аракеттен толугу менен баш тартуу.
«АКШ так максаттуу, кыска мөөнөттүү жана так багытталган соккуларды жасап, улуттук кызыкчылыктарына жетише алат», — деди Грей.
Анын пикиринде, эгер мындай ыкма Иранга каршы операцияда ийгиликтүү болсо, бул Америка жана анын өнөктөштөрү үчүн ири геосаясий пайда алып келиши мүмкүн.
Согуш тууралуу баяндоонун өзгөрүшү
Башка талдоочулар болсо администрациянын билдирүүлөрүнө күмөн саноо менен карашат. Алардын айтымында, мындай риторика саясий жана экономикалык факторлор менен да байланыштуу болушу мүмкүн.
Чикаго университетинин эксперти Пол Поаст "Азаттыкка" билдиргендей, Ак үйдөн чыгып жаткан карама-каршы билдирүүлөр администрация эки максатты бир учурда ишке ашырууга аракет кылып жатканын көрсөтөт.
Поаст кошумчалагандай, бул бир жагынан соода базарларын тынчтандыруу, экинчи жагынан согушту ийгилик катары көрсөтүү үчүн жасалышы мүмкүн.
Эксперттин айтымында, согуш «жакында аякташы мүмкүн» деген билдирүүлөр инвесторлорду жана мунай-газ базарындагы толкундоолорду тынчтандырууга жардам берет.
Ошол эле учурда Поаст администрациянын согуштун максаттары тууралуу риторикасы да өзгөргөнүн белгиледи. Анын айтуусуна караганда, башында режимди алмаштыруу же Иранды өзөктүк куралдан түбөлүккө ажыратуу тууралуу сөздөр айтылган болсо, акыркы учурда ракеталык мүмкүнчүлүктөрдү жана деңиз күчтөрүн жок кылуу сыяктуу чектелген багыттарга көбүрөөк басым жасалууда.
Поасттын айтымында, мындай өзгөрүү администрацияга Ирандагы саясий жетекчилик бийликте калса да миссия аткарылды деп айтууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн.
Конгрессте талкуу күчөдү
Ак үй аскердик операциядагы ийгиликтерди белгилеп жатканда Капитолийде да саясий талкуу күчөдү.
Нью-Жерси штатынан сенатор Кори Букер 9-мартта мыйзам чыгаруучулар мамлекеттик катчы Марко Рубио жана коргоо министри Пит Хегсет Сенаттын негизги комитеттеринде угуу өткөрүп, администрациянын стратегиясын, операциянын болжолдуу узактыгын жана чыгымдарын түшүндүрүп бериши керек экенин айтты.
Крис Мерфи, Тим Кейн, Тэмми Дакворт, Адам Шифф жана Тэмми Болдуин сыяктуу бир катар демократ сенаторлор Американын бул жаңжалга катышуусун токтотуу үчүн бир нече резолюция сунушташты. Алар War Powers Act мыйзамына таянып жатышат. Бул мыйзамга ылайык, узак мөөнөттүү аскердик аракеттер үчүн Конгресстин макулдугу талап кылынат.
Сенаттагы талкууда Иллинойстун сенатору Дик Дурбин бул жаңжал Ирак согушундагы каталарды кайталап коюшу мүмкүн деп эскертти. Анын айтымында, администрация аскердик аракеттерди актоо үчүн ар кандай себептерди айтып, узак мөөнөттүү так стратегияны көрсөтө элек.
Республикачылар Трампты колдошууда
Ошол эле учурда көптөгөн республикачылар Трамптын чечимин катуу колдоп жатышат.
Сенаттагы сөзүндө сенатор Рожер Уикер президенттин Иранга каршы операция баштоо чечимин сынга алгандар негизсиз күмөн санап, аскердик кампанияга жасалма чектөөлөрдү коюп жатышат деп айтты.
«Эгер бул согуш беш жумага созулса, анда чатырларыбызды жыйнап, үйгө кайтып, ишти бүтпөй таштап кетишибиз керек дегендей сөздөр айтылууда», — деди Уикер.
Анын айтымында, администрация өз максаттарын так айткан. Алардын катарына Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу; ракеталарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жоюу, куралдуу топторду колдогон деңиз күчтөрүн нейтралдаштыруу, Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө кирет.
Уикер ошондой эле операциянын алгачкы жыйынтыктарына токтолуп, Ирандын абадан коргонуу системалары жана ракеталык комплекстери олуттуу зыян тартканын, ал эми Ирандын деңиз күчтөрү Оман булуңунан сүрүлүп чыкканын айтты.
Эми эмнеге көңүл буруу керек?
Алдыдагы күндөрдө бир нече фактор бул жаңжал чындап эле басаңдап жатканын же жаңы баскычка өтөрүн көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сенаттагы айрым булактар билдиришти. Алар өз аты-жөндөрүн ачык жарыялоону каалашкан эмес.
Биринчи маанилүү көрсөткүч согуш аракеттеринин ыргагы. Эгер АКШнын аба соккулары азайса же ирандык дрондорду тосуп түшүрүү учурлары кыскарса, бул Вашингтон негизги аскердик максаттарына жеттик деп эсептей баштаганын билдириши мүмкүн.
Экинчи фактор Ирандын жообу. Эгер Тегеран же анын аймактагы өнөктөштөрү ракеталык жана дрондук чабуулдарды уланта берсе, бул Ирандын согушту улантууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ниети да бар экенин көрсөтөт.
Үчүнчүдөн, талдоочулар Ирандын аскердик инфраструктурасынын абалына көңүл бурушат. Эгер АКШнын соккулары Ирандын ракеталык өндүрүшүн, деңиз күчтөрүн жана абадан коргонуу системаларын олуттуу алсыратса, администрация узак кампания жүргүзбөй эле негизги коопсуздук максаттарыбызга жеттик деп айтууга аракет кылышы мүмкүн.
Дагы бир маанилүү суроо операциянын масштабы кеңейеби же жокпу. Эгер АКШнын аракеттери так багытталган соккулар менен гана чектелип, жөө аскерлерди киргизүү же кеңири масштабдагы эскалация болбосо, анда администрация кыска жана так аскердик аракеттер стратегиялык максаттарга жетүүгө жетиштүү деген жүйөсүн бекемдей алат.
Шерине