Иран Катардагы газ комплексине сокку урду
Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бейшембиде кайрадан өстү. Анын алдында Иран маанилүү газ кенине урулган соккуга жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жайларды бутага алганда Катардагы ири газ комплекси жабыркаганы кабарланган. АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Ирандын маанилүү объектисине макулдашпай, өз алдынча чабуул койгонун айтып, ошол эле маалда Тегеранга эскертүү жасады. Энергетикалык жайларды аткылоо үч жумадан бери уланып келаткан согуштагы кооптуу эскалация болуп калды.
Шерине