АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык администрация согушту токтотууга шарт түзүүчү келишимге жетүү үчүн Ирандагы "керектүү адамдар менен" сүйлөшүү жүргүзүп жатканын шейшембиде билдирди.
Трамп ирандыктар келишимге барууну аябай каалашарын белгиледи.
"Биз кимдер менен сүйлөшүү керек болсо, ошолор менен сүйлөшөбүз жана алар келишим түзүүнү абдан каалашат, алар муну канчалык эңсешерин сиз элестете да албайсыз", - деди америкалык лидер журналисттер менен маектешип жатып.
Трамптын сөзүнө караганда, Иран АКШга энергетика жаатында ири чегинүүгө барды. АКШ президенти муну жагымдуу окуя деп атап, чегинүү Ормуз кысыгына - Перс булуңунан мунайды дүйнөгө ташуучу негизги каттамга байланыштуу экенин ишара кылды. Иран кысыкты февралдын аягында америка-израилдик аскер операциясы башталгандан кийин дээрлик толук бөгөттөгөн.
"Алар бизге белек кылышты жана бул ири суммадагы акчага тете чоң белек болду. Ал өзөктүк программа менен байланышы жок, ал мунай жана газ боюнча, бул алар тараптан жасалган өтө жакшы кадам болду", - деди Трамп.
Дональд Трамп өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер ушул аптада сүйлөшүүлөрдү пландаштырып жатышканы боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартканын Reuters белгиледи. Агенттик ошондой эле Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдиргенин жазган.
Израилдин Ynet басылмасынын маалыматына караганда, Иран менен АКШ жашыруун байланыштан кийин сүйлөшүүлөргө барган. Ага ылайык, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун телефондон сүйлөшүүсү бурулуш учур болуп, Дональд Трамптын ирандык энергетикага соккуларды токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимине алып келди.
Аталган басылма Вашингтон менен Тегерандын ортосунда жашыруун байланыш түзүү аракети ортомчулар аркылуу согуштун төртүнчү күнүнөн тартып көрүлгөнүн, бирок андан майнап чыкпай келгенин кошумчалады.
Трамп 23-мартта да Тегеран менен "абдан жакшы жана жемиштүү" сүйлөшүүлөр тууралуу билдирип, Ирандын энергетикалык инфратүзүмүн аткылоону беш күнгө токтотууга буйрук берген. Тегеран суйлөшүү болгонун четке каккан.
Шерине