Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Бишкекте көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкелери арзан сатылууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы мурда ижарада турган муниципалдык жерлерди көп кабаттуу үй куруу үчүн арзан сатуу уланууда.

Шаардык мэриянын маалыматында, жер сатуу шаардык кеңештин быйыл 31-марттагы токтомуна ылайык жүрүүдө. Документ жер тилкесин көп кабаттуу үй тургузуу үчүн жеке жарандарга жана компанияларга сатуу тартибин аныктайт.

Ага ылайык, жер тилкесин быйылкы жылдын аягына чейин 50% сатып алууга болот. 2027-жылы арзандатуу 40%, 2028-жылы 20% болот.

Мындан тышкары быйыл 1-октябрга чейин аянты бир гектардан ашуун жерге 0,4 өлчөмүндөгү төмөндөтүүчү коэффициент каралган.

Жер тилкесин сатып алууну каалоочулар тиешелүү документтерди топтоп, Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылса болот. Комиссиянын оң чечиминен кийин ижарачы жер тилкесинин толук наркын төлөөгө жана сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү. Келишим мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, менчик укугуна ээ болот.

Акыркы жылдары Бишкекте курулуш компанияларынын көбөйүшү жана көп кабаттуу үйлөрдүн арбын курулуп жатканынан улам, жер тилкеси кескин кымбаттаганы айтылып келет.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG