Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, алар 1-июлдан 31-июлга чейин (чыгуу визаны тариздөө үчүн) кат алуу үчүн жүргөн жери боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу керек. Документти алгандан кийин чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам визаны тариздөө үчүн электрондук өтүнмө берүүгө тийиш. (www.evisa.e-gov.kg)
Бул убакыт аралыгында өлкөдөн чыгып кеткендерге Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелерин бузганы үчүн административдик айып пул салынбайт. Жарлык миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандардын санын кыскартууга багытталган.
Быйыл Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйтүлгөн. 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган.
Кыргызстанда соңку жылдары Кытайдан, Түркиядан, Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет. (BTo)
Шерине