Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Жол кырсыгынан кийин Кегети суусуна агып кеткен баланын сөөгү табылды

Кегети суусуна түшүп кеткен унааны чыгаруу учуру. Чүй. 23-июнь, 2026-жыл. Видеодон скриншот.
Кегети суусуна түшүп кеткен унааны чыгаруу учуру. Чүй. 23-июнь, 2026-жыл. Видеодон скриншот.

Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 26-июнда табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

23-июнда “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен машиненин ичиндеги 12 жаштагы кыз менен алты жаштагы бала сууга агып кеткен. Кыздын сөөгү ошол эле күнү табылып, бала изделип жаткан.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар да тартылган.

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 25-июнда эле Кемин районунун Подгорное айылында машине Чоң Чүй каналына түшүп кетип, кырсыктан атасы жана анын эки жашы жете элек балдары каза болгон.

14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.

30-майда Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында (ред: Суусамыр) түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан Kia К7 автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза тапкан.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG