Бир катар мамлекеттер, арасында АКШ Венесуэлага жардам сунуш кылышты.
Жергиликтүү тургун Авилио Гонсалес кырсыктын кесепетинен үйү ураганын айтууда. Буга чейин, айтымында, мындай апаатты көргөн эмес:
"Тилекке жараша үй-бүлөм – аялым, неберем менен сыртта жүргөнбүз. Кайтып келсек үйүбүз урап калыптыр. Кудайга шүгүр, кошуналарыбыз да аман-эсен экен. Дагы канча адамдын үй-жайы ушинтип кыйрады. Каракас сейсмикалык зонада жайгашканы менен мындайды көптөн бери көрө элек болчубуз".
Жергиликтүү жашоочулар жүрөктү түшүргөн кечки зилзаланы сүрөттөп берип, куткаруучулар болсо аман калгандарды издеп, улам бир жерде тез жардам машиналарынын сиреналары жаңырып жатты.
Урандыларды тазалоо иштери таң аткыча уланды. Куткаруучулар тобунун жетекчиси Хосе Пачеко кошумча жардам зарыл болуп жатканын айтууда:
"Абал абдан кыйын. Техника, кишилер жетишпей жатат. Көбүрөөк кишиге муктажбыз".
Кыйраган турак жайдын жанына чогулгандар темир, бетондун астынан жардам сураган үндөр чыгып жатканын айтып турушту.
АКШнын геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, Венесуэлада бир мүнөттүн аралыгында жер эки жолу силкинди. Бирөөнүн магнитудасы 7,2 болсо, экинчисиники 7,5ке жетти.
Зилзала өлкөдө Испаниядан алган көз карандысыздык күнү белгиленип, элдин көбү эс алып жаткан кезде болду.
Расмий маалыматка караганда, жер титирөө кеминде 32 кишинин өмүрүн алды, 700дөн ашууну жабыркады.
Бирок утурумдук президент Делси Родригес бул баштапкы маалымат экенин, Каракастын жака белиндеги Ла Гуайра штатында каза тапкандардын саны ага кошулбаганын белгиледи.
Ал эми АКШнын геологиялык кызматы жарыялаган прогноздо курмандыктардын саны 10 миңден ашышы мүмкүн деп айтылат.
Өлкөнүн бүтүндөй аймагында чукул абал жарыяланды. Борбор калаа Каракастагы эл аралык аэропорт убактылуу жабылды.
"Бизге эл аралык финансылык уюмдар да жардам сунуш кылышты. Венесуэлалыктар бир муштумдай болуп биригип, бийликтин, улуттук өкмөттүн жана регионалдык жетекчиликтин колдоосуна таяна алат. Зилзала дээрлик бардык штаттарда сезилди. Өзгөчө жабыркаган чөлкөмдөрдө бийлик жапа чеккендерге жардам берүүдө", - деди Венесуэланын утурумдук президенти Делси Родригес.
Родригес жаратылыш кырсыгынан кийин дароо байланышып, тилектештигин билдирген, кол сунган өлкөлөргө – АКШ, Панама, Катар, Түркия, Улуу Британия, Мексика жана башкаларга, Улуттар Уюмуна ыраазычылыгын айтты.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Венесуэладагы жер титирөөдөн көп киши набыт болгонун айтып, бирок так сан келтирген жок:
"АКШ жардам берүүнү каалайт, даяр турат жана кудурети жетет. Мен өкмөтүбүздүн бардык кызматтарына ыкчам аракеттенүү көрсөтмөсүн бердим. Биз жаңы жана мыкты досторубуз үчүн ал жерде болобуз".
Жыл башында АКШ Венесуэлада аскердик операция жүргүзүп, президенти Николас Мадурону чыгарып кеткен. Ага, жубайына жана дагы төрт кишиге наркотерроризм баш болуп төрт пункттан турган айып тагылган. Ал өзү да, жубайы да эч кандай айыбы жок экенин айтып жатышат. Ошондон бери президенттин кызматын Родригес аткарууда.
Венесуэла эки геологиялык плитанын кесилишинде, сейсмикалык активдүү тилкеде орун алган. 1967-жылы болгон акыркы кыйратуучу зилзала 200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйган. Ал эми 1812-жылкы жер титирөөдөн 30 миңге чукул адам каза тапкан.
Шерине