Филиппинде магнитудасы 7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондор 32 кишиге жетти. Жүздөн көп киши жараат алганы, 10 миңдейи үй-жайсыз калганы же цунами коркунучунан улам эвакуацияланганы кабарланды. Бийлик куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
8-июнда эртең менен болгон зилзаланын очогу Минданао аралынын жээгине жакын жерде, деңизде орун алган.
Жүздөгөн имарат урап калды. Өзгөчө жабыркаган 700 миң калктуу Хенерал Сантос шаарында 10 киши набыт болду, 20 чактысы дайынсыз жоголууда.
Манила өкмөтү кырсыктын кесепетин жоюуга аскерлерди жана чукул кырдаалдар кызматкерлерин тартты.
Цунами коркунучу алты сааттан кийин жокко чыгарылды.
Зилзала жаңы окуу жылынын башталышына дал келди. Жабыркаган аймактарда сабактар убактылуу токтотулду.
Филиппин сейсмоактивдүү тилкеде жайгашкан.
Мындан 8 ай мурун өлкө 12 жылдан берки эң ири жер титирөөгө кабылган. Ошондо 6,9 баллдык силкинүү 79 кишинин өмүрүн кыйган.
Шерине