5-январда Нью-Йорктун федералдык сотунда Венесуэланын бийликтен кулатылган президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес боюнча алгачкы соттук отурум өттү.
3-январда АКШнын күч органдары Венесуэланын борбору Каракаста атайын операция жүргүзүп, өлкөдөн чыгарып кеткен Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт кишиге наркотерроризм, кокаин импорттоо, курал-жарак сактоо жана колдонуу тууралуу төрт пункттан турган айып тагылган.
Дүйшөмбү күнкү отурумда ал өзү да, жубайы да эч кандай айыбы жок экенин айтышты. Судья алардын бөгөт чарасын камак түрүндө калтырды.
Сот имаратынын алдында ошол учурда Мадуронун тарапкерлери чогулуп турушту.
Кийинки соттук отурум 17-мартта өтмөй болду, Bloomberg жазгандай, коюлган айыптар боюнча негизги соттук териштирүүнүн өзү 2027-жылы гана башталышы ыктымал. 63 жаштагы Мадуронун адвокаты Барри Поллак экени белгилүү болду, ал WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын жактоочусу болгон. (RK)
Шерине