Ирандагы нааразылык акциялары учурунда кеминде 20 адам набыт болду. Бул тууралуу Human Rights Activists News Agency (HRANA) укук коргоо уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, курман болгондордун бири укук коргоо органдары менен байланышта болгон. Дагы 51 адам жаракат алган, алардын көпчүлүгүнө ок-дары жана желим ок тийгени кабарланды.
HRANAнын маалыматына караганда, нааразылык акциясынын кеминде 990 катышуучусу кармалган. Укук коргоочулар чындыгында кармалгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга Ирандын улуттук акчасы - риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон. Кийинчерээк акциялар өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.
HRANA билдиргендей, сегиз күндүн ичинде демонстрациялар өлкөнүн кеминде 222 шаар-кыштагында өткөн.
Эл негизинен өлкөдөгү экономикалык абалга нааразылыгын билдирип, башкаруу ыкмасын сынга алган, адам укугу менен эркиндигин чектөөгө каршы чыгышкан.
Күч түзүмдөрү нааразылык акцияларын ок атуучу курал, жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүркүп, күч менен басып жатканы айтылды.
Шерине