Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:39

Түркмөнстанда бийликти сындаган блогердин мүрзөсү табылды


"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары блогер Дидар Амансахатовдун сөөгү коюлган жерди табышты.

ТикТокто Түркмөнстандагы экономикалык абалды, азык-түлүк бааларынын кымбаттыгын сындап жүргөн Амансахатов 34 жашта болчу.

Hitrowski деген ник менен аккаунт ачкан блогер ноябрдын соңунда, түркмөн бийлиги сын айткандарга басымды күчөткөн тушта социалдык тармактан көрүнбөй калган.

18-декабрда "Азатлыктын" редакциясы Амансахатов күч түзүмдөрү кармагандан кийин жоголгону, болжол менен сабалып, кыйноого алынгандан кийин жан бергени тууралуу маалыматтар түшкөнүн жазган. Өлүмдүн чоо-жайы азырынча белгисиз.

Аты-жөнүн атабаган түркмөн жарандарынын бири блогердин баракчасына көңүл айтып, билдирүү калтырганы үчүн суракка чакырылганын айтып берди. Атайын кызматтын өкүлдөрү ага блогердин тагдырынан "сабак" алууну эскерткен

Түркмөн бийлиги Амансахатовдун өлүмү тууралуу кабарларга расмий комментарий берген жок.

Акыркы постторунун биринде Hitrowski өлкөдө эттин баасы кескин кымбаттап, калк үчүн тартыш болуп жатканын айткан.

Өкмөттүн билдирүүлөрүндө жана мамлекет көзөмөлдөгөн медиада кымбатчылык, жумушсуздук жана калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү такыр айтылбайт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстанды дүйнөдөгү жабык жана репрессивдүү өлкөлөрдүн катарына кошкон. Human Rights Watch уюмунун 2025-жылы жарыяланган баяндамасында Түркмөнстанда бийлик сөз эркиндигин басмырлап, маалыматка жетүү укугун чектей турганы белгиленген.

"Бийлик башкача пикир айтууга жол бербейт. Адилетсиз соттолгондор дагы эле түрмөдө отурат, зордук-зомбулук менен жоголгон ондогон адамдардын тагдыры белгисиз", - деп айтылган HRW'нын билдирүүсүндө.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG