Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:19

АКШ Орусиядан Кубага 100 миң тоннадай мунай тарткан танкерди өткөрдү

Кубанын жээгиндеги танкер. Архив
Кубанын жээгиндеги танкер. Архив

АКШ Кубага мунай тартып бараткан Орусиянын "Анатолий Колодкин" танкерин токтоткон жок.

АР агенттиги билдиргендей, кеме Кубанын Матанас портуна 31-мартта жетиши мүмкүн.

Жекшембиде The New York Times гезити АКШнын жээк кайтарган патрулдары орусиялык танкерди кармоо тууралуу буйрук албаганын кабарлаган.

Орусия Кубага мунай жана күйүүчү май жүктөлгөн эки танкерди жибергени 18-мартта белгилүү болгон. "Анатолий Колодкин" Urals үлгүсүндөгү 100 миң тоннадай чийки мунай тартып баратат. Дагы бир Sea Horse танкери Гонконгдун желеги менен жөнөтүлгөн.

Орус президенти Владимир Путиндин Дмитрий Песков 17-мартта Москва аралга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айткан.

Дональд Трамп 30-мартка караган түнү журналисттерге: "Кайсы бир өлкө Кубага мунай жиберүүнү кааласа, эч кандай маселе жок. Орусия болобу же башка болобу", - деп жооп берген.

"Кубанын иши бүттү, алардын режими начар, жетекчилиги коррупциялашкан. Мунайды алар алабы, жокпу эч нерсе өзгөрбөйт. Мен мунай ташуу жолго коюлса дейм, Орусиябы же башкабы. Анткени элге жылуулук, муздатуу жана башкалар керек", - деп кошумчалады ал.

16-мартта Куба жапырт блэкаутту баштан кечирди. Аралдын дээрлик бардык жашоочусу - 10 миллиондой киши улуттук энергетикалык системанын иши үзгүлтүккө учурагандан кийин жарыксыз калды. Бул быйыл январдын аягында АКШ Кубаны энергетикалык блокадага алгандан кийин болду. Венесуэланын президенти Николас Мадуро кармалган операциядан кийин Трамп аралга түз жана кыйыр мунай ташыган мамлекеттерге бажы төлөмүн киргизген. Мадуронун режими Кубаны мунай менен камсыздап турган.

Ак үй Кубанын бийлиги кас мамлекеттер менен өнөктөш болуп, өлкө аймагына алардын аскердик жана чалгын объектилерин жайгаштырган деп билдирген. Буга мисал катары Кубада Орусиянын радиоэлектрондук чалгын борбору жайгашканын, ал жашыруун маалыматтарды уурдоо менен алектенип, АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын маалымдаган.

13-мартта Кубанын президенти Мигел Диас-Канел өлкөгө акыркы үч айда бир дагы мунай кирбегенин, мындан улам Америка менен сүйлөшүүлөргө мажбур болушканын жарыялаган.

Трамп болсо Куба Кошмо Штаттары менен келишим түзүүнү көздөп жатканын билдирип, бул маселе менен мамлекеттик катчы Марко Рубио алектенип жатканын ырастаган, аралда бийликтин кулашына аз калганын кошумчалаган.

WSJ басылмасы Трамптын администрациясы 2026-жылдын аягына чейин бийликти алмаштыруу үчүн Кубанын өкмөтүндөгү агенттерди издегенин жазган. Рубио Кубанын мурдагы президенти Раул Кастронун небереси Раул Гильермо Родригес Кастро менен сүйлөшкөнүн Аxios жазып чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG