Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Мэрия Бишкекте таштанды талаасында өрт 60 градуска жеткен ысыктан чыкканын билдирди

Таштанды талаасында тартылган сүрөт. Мэрия.
Таштанды талаасында тартылган сүрөт. Мэрия.

Бишкектин таштанды талаасында 17-июлда чыккан өрткө полигондун айрым аймактарында абанын температурасы 60 градуска жетип, тиричилик калдыктары тутанганы себеп болгон.

Мэрия учурда кырдаал көзөмөлдө экенин, өрттү жайылтпоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Кечээ, Бишкектин өзүндө жана айрым аймактарда термометр абанын температурасы 41 градуска чыкканын көрсөткөн.

Синоптиктер өлкө аймагында 14-июлдан тартып 18-июлга чейин абанын температурасы көтөрүлөрүн, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жеринде 43 градуска чейин ысырын эскерткен. 20-21-июлдан баштап температура төмөндөп, айрым аймактарда жаан жаашы ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 1258 өрт кырсыгы катталган. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG