Акыркы бир жарым жылда Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келип кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Ал турист менен эмгек мигрантын бирдей кароого болбосун белгилеп, бир жумага саякаттап келген киши экономикага салым кошорун белгилеген.
"Алардын ар бири орточо эсеп менен 500 АКШ долларын коротту деп эсептесек, анда биздин мейманканаларга, кафе-ресторандарга, дүкөндөргө, транспорт жана тейлөө тармагына 180 миллион доллардан ашуун каражат түшкөн болот. Акча түздөн-түз биздин ишкерлерге, кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенген жарандарга киреше болуп калды", - деген Жапаров.
Муну менен катар чет өлкөлүк жумушчулардын көбү Кыргызстанга туруктуу жашоого эмес, конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн келерин, долбоор аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетерин айткан.
Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 500 кытайлык адистер тартылганын, курулуш аяктагандан кийин алар өлкөсүнө кайтып кеткенин мисал келтирген. Президенттин белгилешинче, учурда заводдо жергиликтүү адистерди окуткан беш инженер гана калган.
Жапаров соңку кезде "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбасын, мыйзам бузган 3 миңдей чет өлкөлүк өлкөдөн чыгарылганын, жакында 100гө чукул жаран депортация болорун белгилеген.
14-июлда Министрлер кабинети чет элдик инвесторлорго шарт түзүү боюнча жерди пайдаланууга берүүнүн жол-жобосун өзгөртүү боюнча токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо нааразылык маанайын жаратып, социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын дооматтар айтылууда. (ST)
Шерине