Социалдык тармактарда бийликти сындаган пикирлери менен таанылган активист Азамат Баямановду 24-июлда белгисиз адамдар кармап, күчкө салып автоунаага отургузуп, белгисиз жакка алып кетишти. Бул тууралуу маалымат анын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.
Укук коргоо органдары Азамат Баяманов кармалган же кармалбаганы жөнүндө расмий маалымат бере элек.
Баяманов 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылганын кабарлап, 23-июлда мекемеге кирип чыкканын өз баракчасында жарыялаган.
Активист 21-июлда президент Садыр Жапаровго видео аркылуу кайрылуу жасап, чет өлкөлүк инвесторлорго жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүү чараларын сынга алган. Видео миллионго жакын көрүү, 3 миңден ашык лайк, 900дөй комментарий топтоп, 400гө жакын бөлүшүү болгон.
23-июлда блогер Илияс Чыңгызбек уулу инвесторлорго жер берүү маселесине байланыштуу социалдык тармактардагы баракчасына сынчыл маанайдагы ырынын видеосун жарыялаган соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына чакырылган. Ага чейин социалдык тармактарда кытай тилинен сабактарын жарыялап жаткан куудул Талант Анарбаев да милицияга чакырылганын айткан.
Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.
Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилеп, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана ала турганын айткан.
Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган. (ErN)
Шерине