Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Ысык-Көлдө "Асман" шаары үчүн дагы 654 гектар жер бөлүндү

Тору-Айгыр айыл аймагына тиешелүү жер тилкеси. Ысык-Көл.
Тору-Айгыр айыл аймагына тиешелүү жер тилкеси. Ысык-Көл.

Министрлер кабинети Ысык-Көл районундагы мамлекетке таандык 653,87 гектар жерди "Асман" шаарын долбоорлоо жана курууга бөлүп берди.

Калктуу конуштар категориясына которулган жер тилкеси Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан. Анын 457,99 гектары айы чарба багытында болсо, 195,88 гектары мамлекеттик токой чарба фондуна таандык.

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жер документтерин өзгөртүү жана бул аймактарда шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Жергиликтүү бийликтер жамгыр жана кар сууларын агызып кетүү тутумдарын куруп, сейсмикалык коргоо чараларын алдын алып, кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүүнү көзөмөлдөөгө тийиш.

Жер жана курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык жана санитардык талаптар аткарылышы зарыл. Эгер аймактан тарыхый-маданий мурастардын объекттери табылса, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Мындай иштерди көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартуу каралган.

Эгер бөлүнгөн тилкелер максаттуу пайдаланылбаса, бийлик органдары аларды баштапкы абалына келтирүү боюнча чараларды көрүшү керек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-августта кол койгон өкмөттүн №530 токтому он күндөн кийин күчүнө кирет.

2021-жылы Министрлер кабинетинин токтому менен Ысык-Көлдө “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. 2023-жылы 30-июнда президент Жапаров шаардын курулушуна капсула салган.

Жаңы шаар Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда, көл жээгиндеги 4015 гектар аянтка курулары белгилүү болгон. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG