Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Ысык-Көл: "Асман" шаарын ким курат?


"Асман" шаарынын долбоору.
"Асман" шаарынын долбоору.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү сапары учурунда аймакта курулушуна капсула салынгандан кийин токтоп калган "Асман" шаарынын долбоору он күндөн кийин башталарын жарыялады.

Ал долбоордо өзгөрүүлөр болгонун, "жашыл экономиканын" шартына ылайык салынарын билдирди. Бийлик буга чейин долбоорго түштүк кореялык компания инвестиция саларын билдирген, бирок ал ишкана тууралуу кеңири маалымат бере элек.

"Жаңы шаардын курулушу башталат"

Президент Садыр Жапаров 25-майда Балыкчы шаарындагы сапарында "Асман" шаарын курууга катышууну каалаган инвесторлордун сунушу менен долбоорго өзгөрүү кирип, экологиялык кызыкчылыктарга басым жасалганын белгиледи.

“Былтыр капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөр “жөн эле эмес, жашыл шаар салалы” деген сунуштарды берип, мурдагы долбоорго өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди. Дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага жана жашыл шаарга өтүүгө аракет кылып жатат. Мындан тышкары шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз”, - деди ал.

Президенттин билдирүүсүндө “Асман” шаары үчүн бөлүнгөн жерге кайсы обьектилер курулары айтылган эмес. Азырынча бул стратегиялык долбоор тууралуу расмий маалымат жок, сайты да ишке киргизиле элек.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаевге кайрылганыбызда азырынча толук маалымат берилбей турганын, курулуш башталгандан кийин баары белгилүү болорун “Азаттыкка” билдирди.

“Инвесторлордун да талаптары эске алынып, экологияны сактоо, экономиканы өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган долбоор болду. Президентибиздин да багыты ушундай, биз да ошого жараша иш алып барабыз. Курулуш масштабдуу эле башталат, азыр шарттарды толук айта албайбыз. Курулуш башталганда баары белгилүү болот”, - деди Орунтаев.

Ысык-Көл жээгинде “Асман” шаарын куруу демилгеси алгач 2021-жылы айтылган. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. Былтыр 30-июнда президент Жапаров шаардын курулушуна капсула салып, иш ошол бойдон токтоп калган.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бул жагдайга түшүндүрмө берип, техникалык-экономикалык негиздеме жана керектүү документтер даярдалып жатканын, май айында инфратүзүмдөрдүн курулушу башталарын айткан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат деп айтылган.

Экономист Эрлан Камалов долбоорду “жашыл экономикага” ыктап ишке ашыруу пайдалуу деген ою менен бөлүштү:

“Өкмөттүн жаңы технологияларга жана жашыл экономикага негизделген шаарды курабыз дегени колдоого аларлык. Анткени мамлекет үчүн керек болуп жаткан каражат жана четтен келе турган каражаттар жашыл экономикага, климаттын өзгөрүшүнө каршы тура турган долбоорлорго жана ошол тармакка ыктаган өлкөлөргө артыкчылык берилип жатат. Мамлекет башчысы да ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгысы келип жатат деп ойлойм. Бул шаардын курулушунда жумушчу орун түзүлөт, жаңы калаа пайда болот. Эгерде долбоор чын эле "жашыл экономика" принциптерине негизделсе, шаар алдыңкы технологияны өзүнө камтыйт жана инвесторлорду өзүнө тартат”.

Экологдордун кооптонуусу, бийликтин жообу

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертип келет.

Эко-активист Влад Ушаков көлдүн айланасында ансыз деле экологиялык көйгөй курч экенин айтып жатат:

“Жер жүзүндө бир дагы “экошаар” деген жок. Анткени экология менен шаар куруу “туздалган кумшекер” же “кара кар” дегендей эле бири-бирине каршы келген түшүнүктөр. Ар бир шаар антропоген, анда кандай гана заманбап технологиялар колдонулбасын, баары бир экологияга күч келет. Калктуу конушту кой, жөн эле пансионат куруу да экологияга жана айлана-чөйрөгө тобокелдикти пайда кыла берет. Караколдо, Чолпон-Атада тазалоо системалары өтө кейиштүү абалда. Мындан сырткары көлдүн жээгинде жайгашып, бирок канализациясы болбогон калктуу конуштар да бар. Менимче, алгач азыр байкалган көйгөйлөрдү чечип алган соң жаңы долбоорлорду ишке ашыруу керек”.

Бийлик экологиялык талаптар сакталат деп ишендирүүдө. Министрлер кабинети адатта мындай чочулоолорго "Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо жаатында иш алып барып жатабыз" деп жооп кайтарат. Өкмөт көл жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп, эс алуучу жайлардагы тазалоо системаларга көзөмөл күчөтүлгөнүн буга чейин билдирген.

Инвесторлор кимдер?

Президент Жапаров "Асмандын" курулушу тууралуу билдирүүсүндө чет элдик өнөктөштөр тууралуу айтып, бирок долбоорду кайсы компания ишке ашырарын тактаган жок.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, "Асман" шаарынын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүккореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган.

Ошентип түштүк кореялык бул компания кандай аталат, шаар куруу тармагында тажрыйбасы барбы деген суроолорго азырынча жооп табыла элек.

Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу “Асман” шаарын пландоодо сөз болуп жаткан артыкчылыктарды камтуу боюнча терең талдоолор жана концепция каралган эмес деген ойдо:

"Долбоорду баштоодон мурда анын концепциясын ачык көрсөткөн билдирүү, маалымат болгон жок. Бул шаар эмне үчүн курулуп жатат дегенге анык жооп жок. Туристтик багытта дей турган болсок, Чолпон-Ата, Балыкчы жана башка шаарлар бар. Ошол жерлердин инфраструктурасын жакшыртып, деңгээлин көтөрсөк болмок. Дагы бир өзгөчөлүк катары “акылдуу шаар” айтылды. Ал үчүн ошол аймакта жер астындагы шарттардан баштап, бардык катмары изилденип, экологияга зыян келтирбей тургандай шаар болушу керек. Ошол өңүттөн алганда азыр тандалып алынган жерди “акылдуу шаар” деп айтуу кыйын. Электрондук сооданын логистикалык аймагы болот деген сөздөр айтылды. Ал үчүн инфратүзүм керек, ал жерге каттоо ыңгайлуу болуп, мындай шаар жок дегенде эки-үч мамлекетти бириктирип, бизнеске жол ача тургандай болуусу шарт. Мамлекет муктаж болгон долбоорлорду ишке ашырышы керек. Бизге азыр жаңы шаар керекпи? Эмне үчүн? Ал курулгандан кийин өзүн актайбы? Ушул суроолорго так жооп болсо, ишке ашырса болот. Азыркы кырдаалда инфраструктура, логистика, кайра иштетүү сыяктуу маанилүү долбоорлорго муктаждык көп".

Өкмөт Кыргызстандын экономикасы өнүгүүгө багыт алганын билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-майда Бишкекте өткөн эл аралык финансылык форумда экономика туруктуу өнүгүү багытына чыкканын, жаңы ишканалар эле эмес, бүтүндөй тармактар менен багыттар ачылып, тышкы сооданын көлөмү өсүп баратканын айткан.

"Асман" кайсы жерге салынат?

“Асман” кыргыз бийлигинин сөз кылган алгачкы “жашыл долбоору” эмес. Өлкөдө 2018-жылдан тарта “Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү” деп аталган концепция иштеген. Президент Жапаров 2023-жылдын башында Кыргызстанга карыз берген каржы институттарына жана өлкөлөргө кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу сунушун берген.

Жаңы шаар Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда, көл жээгине курула турган болууда. Ал жердин жалпы аянты 4015 гектар. Бишкектен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан жер көлдүн жээгин, тоо этектеген жайытты жана алма-өрүк өстүрүлүп, өздөштүрүлгөн жерлерди камтыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG