Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Кыргызстанда психологдордун ишин жөнгө салган мыйзам даярдалууда

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Кыргызстанда психологдордун ишин жөнгө салуу үчүн мыйзам сунушталууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Эл өкүлү психологиялык ишмердүүлүк жөнүндө атайын мыйзам долбоорун атайын адистер менен биргеликте даярдап жатканын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамды сунуштоого ата-энелердин арыз-муңу себеп болгон.

"Кыргызстанда психологиялык ишмердүүлүк жок болгондуктан ушул мыйзамды сунуштап жатабыз. Азыркы санарип дүйнөдө мен психологмун дегендердин саны көбөйүп, бир сеанс үчүн 3-10 миң сомго чейин алгандар бар экен. Эки-үч ай психологиялык курстан өтүп алып жашы жете элек балдарга кеңеш берип жатышат", - дейт Сурабалдиева.

Сурабалдиева мыйзам долбоорун даярдоо астында 61дей психологиялык ассоциациялардын өкүлдөрүн, бул жаатта иштеген бардык муундагы адистерди чакырып, атайын жыйын өткөргөнүн, алар менен кызматташып жатканын билдирди.

Депутат мыйзам бардык кызыкчылыктарды эске алуу менен жазыларын, ага ылайык, бардык психологдордун реестри түзүлүп, ал жерден адистин билими, тажрыйбасы көрүнүп турушу керектигин белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарда тиешелүү билими, тажрыйбасы жок эле өзүн "психолог" атап, элге кеп-кеңеш бергендер тууралуу "Азаттык" атайын иликтөө тарткан.

Борбор Азия чөлкөмүндө психологдор жөнүндө мыйзамды быйыл июль айында Казакстандын Сенаты дагы кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Коңшу өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары муну диплому же билими жоктугуна карабай, өзүн психолог атагандар көбөйүп кеткени менен негиздеген. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG