Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Сулайман-Тоону ЮНЕСКО тизмесинен чыгаруу сунушу: Мэрдин маеги, коомдогу сын

"Азаттыктын" коллажы. Оштун мэри Жанарбек Акаев, ишкер Нариман Түлеев жана ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Сулайман-Тоонун фонунда.
"Азаттыктын" коллажы. Оштун мэри Жанарбек Акаев, ишкер Нариман Түлеев жана ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Сулайман-Тоонун фонунда.

мазмуну

  • Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу тууралуу сунуш талкуу жаратты.
  • Демилге коомчулукта сынга кабылып, тарыхый мураска коркунуч катары сыпатталды.
  • ЮНЕСКОнун макамы Сулайман-Тоодогу тарыхый эстеликтерди коргоого шарт түзүп келет.

Оштун мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушуна коомчулук ачуу сын жаадыргандан кийин түшүндүрмө берди. Ал тоонун айланасын көрктөндүрүп, тротуар жана веложол куруу гана максаты болгонун билдирди.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген ыйык тоодо петроглифтер жана археологиялык эстеликтер бар. Көптөр уюмдун тизмесинен чийилсе ыйык саналган тоонун айланасы башаламан курулуштардын кучагында калып, тоонун табигый көрүнүшү бузулат деп чочулайт. ЮНЕСКО жоболорунда корук аймагына чоң курулуш салууга тыюу салынып, тарыхый эстеликтер бекем корголот. Бирок кайсыл мэр келбесин, тоонун корук аймагын кыскартуу тууралуу маселе көтөргөнүнө эмне себеп?

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинен чыгаруу тууралуу коомчулуктун сынына кабылган сунушу боюнча Жанарбек Акаев 24-августта "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, төмөнкүлөрдү айтты:

"Бул Министрлер кабинетинин же “Ынтымак ордонун” позициясы эмес. Мен көз карандысыз журналистке интервью берип жатып мэр катары оюмду айттым. Анткени мен Сулайман-Тоого бир нече жолу бардым. Сулайман-Тоонун өзүнө эмес анын астына тротуар салып, веложол куруп, жашылдандыралы деген ойдо болгонбуз. Баары тең эле “ЮНЕСКО уруксат бербейт. Ар бир ташын макулдашышыбыз керек” дешет. Биз анан кантип эле Сулайман-Тоону базар кылып, кафе салып башаламандыкка жол бермек элек”, - деди ал.

Оштун мэри Сулайман-Тоону көрктөндүрүп, туристтерди көбүрөөк кызыктыруучу жайга айландыруу максаты гана болгонун айтууда. Ал музей комплексинде сентябрда реконструкция иштери башталарын, бул үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк 12 миллион 400 миң евро грант бөлгөнүн билдирди.

Жанарбек Акаев Сулайман-Тоонун корук аймагынын аянтын кыскартуу тууралуу сунушун айткан биринчи мэр эмес. Буга чейинки мэрлердин арасында дагы ЮНЕСКОнун талаптары тоонун тегерегине жаңы курулуштарды салууга тоскоолдук жаратарын айткандар болгон.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев билдиргендей, реконструкция алкагында бир топ иштер пландалууда:

Хайрулло Ибайдуллаев
Хайрулло Ибайдуллаев

"Сулайман-Тоодо масштабдуу реконструкция иштери жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө эскиздик варианттары бүтүп, ЮНЕСКОнун эксперттеринин сынынан өтүп, алар өздөрү да көрүп кетишкен. Буюрса сентябрь айынын аягында реконструкция башталат. Анда маалымат борбору, туристтер жүрүүчү жолдор, экскурсиялык залдарыбыз оңдолот. Тоонун этегиндеги таш жолубузда дагы автокарлар жүргөнгө шарттар түзүлөт".

Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирип, коргоого алынган. Анын корук аймагы 134 гектардан ашат. Ал эми буфердик аймагы 5 миң гектарды түзөт. Аталган аймакта бийик имараттарды курууга да тыюу салынган.

Ага карабай тоого жакын аймакта түрдүү курулуштар салынып, сот иштери жүргөн. Мындай көйгөйлөрдөн улам Ош шаардык мэриясы өткөн жылы тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине сунуш берген.

Министрликте атайын комиссия иштеп, анын жыйынтыгын ЮНЕСКОго жиберишкен. Дүйнөлүк уюм азырынча бул боюнча жооп бере элек.

"Сулайман-Тоо" музей комплексин ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу демилгеси дээрлик 15 жылдан бери айтылып келет. Шаар башчысынын акыркы айткан сунушуна комплекс макул эместигин, тоого асма жол салууга жана ашыкча курулуштарга жол берилбей турганын билдирди.

Расмий жарыяланган маалыматта Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине “Ыйык тоо” номинациясы менен катталган Кыргызстандагы биринчи объект экени айтылат. Андан тышкары Сулайман-Тоо “Стратегиялык объектилер жөнүндө” мыйзам боюнча “В” категориясындагы объект болуп саналары, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзам менен корголору белгиленген.

“Жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келген бул маданий комплекс мамлекеттин жана эл аралык уюмдун катуу көзөмөлүндө. Бул мыйзамдык статустар жана ЮНЕСКОнун эрежелери тоонун тарыхый-жаратылыш келбетин сактоону, ага зыян келтире турган ар кандай курулуштарга жол бербөөнү талап кылат”, - деп айтылат маалыматта.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде болгону үчүн 2026-жылы Дүйнөлүк банк реконструкция иштерине 12,5 млн доллар каражатты грант катары бөлүп жатканы кабарланды.

Бул жолу талаш Жанарбек Акаев журналист Семетей Аманбековго курган маегинде ишкер Нариман Түлеевдин Сулайман-Тоо менен өзү куруп жаткан соода борборду байланыштырган асма жол салуу сунушу тууралуу айткандан улам чыкты.

"Өткөндө Нариман Түлеев Ошко келген. Ал киши “Сулайман Парк” деп соода борбор куруп жатат. Ал айтат: “Сулайман Парктан” асма жол имараттын үстүнөн Сулайман-Тоонун чокусуна барып, сүрөткө түшүп кайра чыгып, кайтып келе турган кылып курайын дейт. Сонун болбойбу десек, ЮНЕСКО уруксат бербейт. Сулайман-Тоону айланта жол куралы десек, "аны да карап көрөлү" дейт. Эл аралык коомчулук сөксө Ош мэриясын сөксүн, ЮНЕСКОдон чыкса чыгып эле кетеличи дедим", - деген ошол маегинде Акаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев шаарда Сулайман-Тоону көздөй асма жол куруудан башка да олуттуу маселелер бар экенине көңүл бурду:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Ошто асфальт төшөлбөгөн көчөлөр жокпу? Ошто курулуп бүтпөгөн, ремонт болбогон мектептер жокпу? Нариман Түлеев Бишкекте борбордук көчөлөрдү 6-8 айга тосуп таштады. Эми Ошко барып, ыйык тоодон соода борборго зым тартып, адам ташыйм дегени кандай сөз? Дүйнөдө ал кишинин соодасынан башка эч нерсе жокпу?".

Ал тапта Нариман Түлеев Ош шаарынын мэри менен расмий эмес жолугушууда сүйлөшкөнүн, бирок расмий түрдө сунуш бербегенин айтууда. Бул тууралуу ал 25-августта Фейсбуктагы баракчасына жазды:

Нариман Түлеев
Нариман Түлеев

"Оштун мэри менен сүйлөшүүдө Сулайман-Тоого асма жол куруу идеясынын жаңы эместиги, ал совет доорунда эле шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн ар кандай концепциялары иштелип чыккан кезде бар болгондугу гана айтылган. Мен тараптан Сулайман-Тоого асма жол куруу боюнча эч кандай юридикалык же техникалык долбоор сунушталган эмес. Ошондуктан ЮНЕСКОго бул маселе боюнча эч кандай кайрылуулар, документтер же демилгелер жиберилген эмес".

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев министр болуп турган убакта Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген. Раев тоонун буфердик аймагы эмне себептен миңдеген гектарга көбөйүп кеткенин мындайча түшүндүрдү:

Султан Раев
Султан Раев

"Сулайман-Тоо ар кандай кызыкчылыктын, талаш-тартыштын объектиси болбошу керек. Бул маданий, руханий мурасыбыз. Бул көптөгөн цивилизацияларды башынан өткөргөн тоо. Көптөгөн цивилизациялар ошол жерде өткөн объект. Ошондуктан бизге өтө баалуу болуп эсептелет. Эми буфердик зонаны аныктоодо ЮНЕСКОнун комиссиясы дагы келген. Биздин адистерибиз дагы катышкан. Анда талап ошондой, буфердик зонага кабат үй салынбашы керек. Себеби, Оштун кайсы тарабынан карасаң дагы Сулайман-Тоо көрүнүп турушу керек. Ошондуктан буфердик зонанын кандай белгиленген болсо ошондой калганы маанилүү. Билип турам, 5 миң гектардын бир жерин алып, үй салалы деп атышат да. Алардын мурас, дүйнөлүк объект экени кызыктырбайт. Бир гана бизнес кызыкчылык".

Сулайман-Тоого жылына 350 миңдей адам зыярат кылып келет. Тоонун капталдарында петроглифтер, орто кылымга таандык архитектуралык курулуштардын урандысы жана азырга чейин сакталган тарыхый имараттар бар.

Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Ал беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Тоонун капталдарында 400гө жакын петроглифтер жана байыркы жазуулар сакталган. Сулайман-Тоо музей комплексинде 33 миңден ашуун экспонат бар, алардын катарына археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кирет.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда “Ыйык тоо” номинациясы боюнча киргизилген. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган корук 134 гектарды камтыйт. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан.

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жашылдандыруу иштерине жана жаңы курулуштарга тыюу салынган, бардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык ишке ашат.


  • 16x9 Image

    Нургелди Каныбек уулу

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. 2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын сыйлыктарын алган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG