Уюштуруучулар быйыл жыйырманчы жолу өтүп жаткан иш-чараны Динара Чочунбаеванын элесине арнашкан. Маданияттын эмгек сиңирген ишмери жана ЮНЕСКОнун эксперти Динара Чочунбаева "ОЙМО" фестивалын 2006-жылы негиздеген.
Быйыл "Дүйнөлүк маданий мурас: муундан муунга өткөн салт жана кол өнөрчүлүк" аталышында өтүп жаткан "ОЙМО" фестивалына Кыргызстандын жети дубанынан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн бир катар кол өнөрчүлөр келди.
Тоту Көлбаева Лейлекте килем согуу өнөрүн жаштарга үйрөтүп, жайылтып келет. Ал быйылкы фестивалга карата Динара Чочунбаеванын элесин түшүрүп килем соккон.
“Кол өнөрчүлөр кеңешинин насаатчысы катары иштеп келем. Мына бүгүн "ОЙМОнун" 20 жылдыгын белгилеп жатабыз. Көптөгөн кол өнөрчүлөр менен кылым карыткан кыргыз килемин алып келип фестивалга катыштык. Ар бир улуттун өзүнө тиешелүү каада-салты, кол өнөрчүлүгү болот эмеспи. Ошол уңгу жолубузду жаштарга жайылталы, пикир алмашалы деп башка облустардан жана коңшу өлкөлөрдөн кол өнөрчүлөр чогулдук. "ОЙМО" фестивалын Динара Чочунбаева негиздеген. Эгер тирүү болсо мындан да жогорку деңгээлде өтөт эле. Биз килемдин мекени болгонубузга байланыштуу Динара Илимбекованын сүрөтүн килемге түшүрүп, музейге койсун деп кызы Алтынайга тапшырдык”.
Сабира Турдумамбетова фестивалга өз колу менен жасаган бир катар буюмдарды алып келген. Ал Таластын шырдагынын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.
“Шырдак болсун, ала кийиз болсун жүндүн сапатына караш керек. Бизде кийизди жазгы анан күзгү жүндөн жасалат. Кылчыгы жок, уяң жүн болушу керек. Меринос койдукун уяң деп жүрүшөт азыр. Бирок кыргыз койдун жүнүнөн жасалган кийиз сапаттуу, тегиз анан бышык келет. Айрыкча күзгү жүн жакшы болсо кийиз жакшы кирет. Чийден чыкканда түтөбөйт. Нарында шырдакты шырып коюшат, Таласта болсо шырыбай жасайт. Кийиз чыккандан кийин боёкко салынат. Азыр эми табигый түсү менен эле ак-кара кылып жасап калдык. Заводдун боёгунан баш тартып, чөп-чардан алынган боёкторго салып жүрөбүз. Азыр туристтер үчүн ушундай чакан шырдак, ала кийиздерди жасап жатабыз”.
Шырдактан айырмаланып ала кийизге ийненин же жип-шуунун кереги жок. Бирок аны жасоо жол-жобосу кыраакылыкты, чеберчиликти талап кылат.
Сабира Турдумаматова Таласта кыз-келиндерге ала кийизди жасоо боюнча мастер-класстарды дагы өтүп келет.
“Чолпонбай Түлөбердиевдин жүз жылдыгында Таласта Ала кийиз фестивалы өткөн. Ошондо менин 1969-70-жылдары жасалган мурас ала кийизимди борбордогу Тарых музейиндеги көргөзмөгө алып кетишкен. Таласта быйыл Ала кийиз фестивалы алтынчы жолу өтөт. Ошондо мага окшоп ар бир эне бирден же экинден ала кийиз жасап алып чыгалы деп жатабыз. Шаарыбызда жаш кыз-келиндерге мастер-класстарды өткөрүп турабыз. Жүндүн сапаты, кийизди жасоо жана боёкко салуу жол-жобосун үйрөтөбүз. Динара Илимбекова экөөбүз жашташпыз. "ОЙМОну" түптөөдө анын салымы зор. Анын демилгеси менен Таласта "Койдон боз үйгө чейин" деген фестивал дагы өткөн. ЮНЕСКОго кыргыздын канча деген көөнө мурастарын киргизип кетти. Арбагы ыраазы болсун”.
2012-жылы шырдак жана ала кийиз өнөрү дүйнөлүк ЮНЕСКО уюмунун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.
Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын жашоочусу, уз Үпөл Токтосунова жакшы шырдак жүз жылга чейин сакталарын айтты:
“Бул менин бала күнүмөн аркалаган өнөр. Шырдак жасоо көп түйшүктү талап кылат. Кийизин эле бир сезон жасайбыз. Койдун жүнүн кыркып алгандан кийин аны жууп-тазалап, сабап кийиз кылабыз. Андан кийин кийизди бышырып, оюп, жөрмөйбүз. Андан кийин кара кийизди беттеп, шырыйбыз. Шырыганга эле үч-төрт ай кетет. Шырдак ошол шырылганы менен баалуу. Аябай сапаттуу болот. Жакшы жасалганы элүү-жүз жылга жетет. Нарындын шырдагына Көл тараптыкы окшоп кетет. Башка облустарда шырылбай жасалат экен. Күбөгө жегизбей, ным кылбай, күнгө жайып, күүп жакшы сакташ керек. Атадан балага калчу оокат да”.
Динара Чочунбаева "ОЙМО" фестивалын 2006-жылы негиздеген. Көзү тирүүсүндө бир катар улуттук көөнө мурастардын кайра жаралышына салым кошкон.
Фествалдын уюштуруучуларынын бири Саадат Жаманкулова "ОЙМОго" чет өлкөлүк кол өнөрчүлөр дагы чакырылганын айтып берди.
“Бул фестиваль жыйырма жылдан бери өтүп келет. Анын пионери, ойлоп табуучусу Динара Чочунбаева. Ал киши кол өнөрчүлөрдү чогултуп, ой-пикир алмашалы деп канча чуркады. “Кыял” бирикмесин кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы кылууну кыялданчу. "ОЙМОГО" бир кыргыздын эле эмес, коңшу өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү дагы келет. Бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып келебиз. Динара бир жакшы из калтырып кетти. Кол өнөрчүлөр - булар чыгармачыл адамдар. Лейлектен келген чеберлер Динаранын элесин килемге түшүргөн экен, өзүнчө эле шедевр болуптур".
Фестиваль беш күнгө созулат. Бул аралыкта этникалык мода боюнча көргөзмө, сынактар, сайма, ала кийиз, шырдакты даярдоо боюнча мастер-класстар өтөт.
Динара Чочунбаеванын шакирти Миррахим Опош кийиз боюнча өтө турган эки сынактын координатору.
“Эки конкурс өтөт. Бирөө даяр кийиз боюнча. Ал эки номинациядан турат. Биринчи сыйлык салттуу кийиз боюнча, ала кийиз, шырдак, шырымалдарга ыйгарылат. Экинчиси "Арт кийиз" деп аталып, жүндөн жасалган буюм-тайымдарга берилет. Ал эми экинчи сынакты “Накта” деген өнөктөшүбүз менен биргеликте өткөрүп жатабыз. Анда шырдактын мыкты эскиздерине сыйлык тапшырабыз. Мен өзүм Динара эженин шакиртимин. Бейзаттык мурастар боюнча экспертмин. Азыркы тапта куратордук жана менежердик ишти аркалап, биздин кол санат өнөрдү чет өлкөдө таанытуу, жайылтуу иштерин алып барам”.
Соңку жылдары интернетте кыргыз жана казак жаштары калпак, шырдак же боз үйгө байланыштуу талаш-талкууга түшкөнү көп байкалат.
Анткен менен Миррахим Опош бейзаттык мурастар жалпы Борбор Азия чөлкөмүнө таандык экенин белгиледи.
“Биз түрк тилдүү элдердин орток мурасын жайылтканга аракет кылабыз. Кеңеш доору кулагандан кийин географиялык чекке байланып эле талашып жатабыз. Мындай карасаң тууган элбиз. Орток символдор бар. Мен чет өлкөгө чыгып келем. Илимпоздор, орток мурасты сактоо үчүн аракет кылгандар арасында андай деле талаш жок. Болгону аймактык өзгөчөлүктөр бар. Бизде жоголуп бараткан мурастар бар мисалы, беш кеште. Ал өнөр казактарда да бар, бирок башкача аталат. Ошону эки жакта тең жандандырууга аракет кылып жатабыз. Болгону өңдөрдө, символдордо айырма болушу мүмкүн, калган 95% окшош. Тескерисинче, биз, чөлкөмдүн чеберлери чогуу иштесек, бейзаттык мурастарды сактоодо чоң иш кылат элек”.
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык эксперти, коомдук ишмер Динара Чочунбаева өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган “Мен – Тянь-Шань” тасмасындагы Аселдин ролу аркылуу элге таанылган. Кесиби сүрөтчү.
Эгемендик жылдары кол өнөрчүлүк боюнча бир катар уюмдарды жетектеген. “Шырдак – кыргыз кийиз килеми” аттуу альбомдун жана бир катар макалалардын автору. Динара Чочунбаева 2025-жылы дүйнөдөн өткөн. Тирүү болсо быйыл 70ке чыкмак.
Динара Чочунбаеванын көзү тирүүсүндө "Азаттыкка" курган маеги.
Шерине