Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

Байыркы жазууларды изилдеп, бааланбай кеткен окумуштуу


Четин Жумагулов.
Четин Жумагулов.

Тилчи-түрколог Четин Жумагулов 87 жашында дүйнө салды. Анын илимий ишинин негизги багыты Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө болгон.

Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка тилдердеги) изилдеп, илимий чөйрөдө бир катар жаңы эстеликтерди ачкан.

Ал жалпысынан 300дөй илимий эмгектин автору жана алар чет тилдерге да которулган. Профессор өзү да орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага которгон.

Окумуштуу мындан сырткары 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр жана башка) коюлган эстеликтердеги жазууларды биринчилерден болуп окуп, которуп жарыялаган.

Кыргызстандын тарыхын окуп-үйрөнүүдө байыркы мезгилден бери өлкө аймагынан табылган таштагы жазуулардын ролу зор. Мына ошол жазуу эстеликтеринин изилденишине Четин Жумагулов бүт өмүрүн арнаган чыгаан илимпоз эле. Анын замандаштары окумуштуу бул жаатта эмгектенбегенде Кыргызстандагы жазуу эстеликтеринин изилдениши начар абалда болмок дешет.

"Андай окумуштуу өлкөдө жокко эсе"

Четин Жумагулов менен бирге иштеген белгилүү археолог Кубат Табалдыев учурда андай окумуштуулар өлкөдө жокко эсе экенин айтты:

Кубат Табалдыев.
Кубат Табалдыев.

"Четин агай өзү түрк жана сиро жазуу эстеликтеринин жазылышы, тарыхы, окулушу боюнча абдан чоң эмгек сиңирген окумуштуу. Сиро-түрк жазууларын азыркы мезгилде дагы Четин агайдай жогорку деңгээлде окуп, изилдей турган окумуштуулардын саны абдан аз, Кыргызстанда жокко эсе. Илимий эмгектерин дүйнөлүк деңгээлде абдан баалашат. Кыргызстандын аймагындагы бардык таштарды документтештирип, сүрөттөп жазып, аларды окуп, өзүнчө Кыргызстандын эпиграфикасы боюнча үч томдук китеп жазып, окумуштуулар чөйрөсүнө тартуулаган. Мына ушундай эмгек жазган окумуштуулар аз".

Четин Жумагулов өмүрүн арнаган эпиграфика тармагы – бул таштагы жана катуу материалдарга түшүрүлгөн жазуу эстеликтерин изилдеген зор тармак. Анын мүнөзү ар тармактуу болот. Маркумга арналган же тарых боюнча маалымат берген таш эстеликтердин баары эпиграфика жанрына кирет.

Өз кезегинде Кубат Табалдыев Четин Жумагулов жана өзүнүн шакирти Кайрат Белек менен биргеликте Кыргызстандагы таш эстеликтеринин каталогун түзгөн. Бул долбоорго Жумагулов консультант катары кириптир.

Каталогго Жумагуловдун бардык эмгектери кошулган. Китепте 400дөн ашык жазуу эстеликтери кирсе, көпчүлүгү Четин агай тарабынан изилденген жазуулар экен. Табалдыев алдыда окумуштуунун ишин улантышарын айтты.

"Алдыда бизде көп экспедициялар турат. Мисалы, кыргыз-түрк “Манас” университетинде таштагы жазууларды изилдөө боюнча өзүнчө экспедиция болот. Мына ошондо Четин агай жол салган нук боюнча анын ишин андан ары улантабыз деп ойлойм. Мен археолог катары анын эмгегин улап, жаңы жазууларды таап, аларды агай сыяктуу каттап, окумуштуулар чөйрөсүнө киргизебиз. Мына ушул таштагы жазуу эстеликтери биздин тарых үчүн абдан баалуу маалыматтарды алып келет. Буга чейинки тарыхыбызда кытай жазма булактарына абдан баа беребиз. Багыбызга кытай жазма булактары биздин тарых боюнча көп маалыматтарды калтырып кеткен экен. Бирок ошондой тарыхый жазма булакты табуу кыйын. Анын ордун толтура турган булак - Четин агай нук салган таштагы жазуу эстеликтеринде. Таштагы жазуулар туруктуу, түбөлүктүү изилденсе, биз алар аркылуу өзүбүздүн жазма маданиятыбыз боюнча жаңы маалыматтарды таап, тарыхыбызды байыта алабыз", - деди археолог Табалдыев.

Табалдыевдин айтымында Кайрат Белек менен бирге ЮНЕСКО уюмунун долбоорун аткарууда да Четин агайдын көп жардамы тийген. Ал өзү жетпей калган жазууларды кайсы жерден табуу керектигин маалымдап турган. Археолог эми негизги максат анын жолун улаган окумуштууларды тилчи, тарыхчылар даярдашы керек дейт.

"Көмөкчү, санаалаштары болгон жок"

Окумуштуу Жумагулов белгилүү түрколог, кыргыз тилин изилдөөчүлөрдүн бири академик Игорь Батмановдун шакирти эле.

Жумагулов менен кезинде кыргыз-түрк “Манас” уинверситетинде бирге иштеп калган жаш түрколог Нурдин Усеев анын Жумагуловдун шакирттер мектеби түптөлбөй калганын айтып отурду.

“Кыргыз эпиграфикасынын атасы өмүрдөн өттү. Кыргызстандын аймагын көп жолу жалгыз кыдырган экен. Себеби, өзүнөн башка кызыккан киши жок. Ошол мезгилде академияда иштептир. Анан Таласка барып 30га жакын байыркы битик жазуусун табат. Алардан кийинки эстеликтердин табылышына, борборго жеткирилишине салымы чоң. Таласта Чийим-Таш деген жерде аскага чегилген жазуулар бар. Ошол жерге изилдейин деп барып караңгыда араң табат, бийик асканын бооруна чыга албай кетип калат. Муну менен мен эмнени айткым келет? Четин агайдын жанында көмөкчү, санаалаштары болгон жок. Кыргыз эпиграфикасында жалгыз жүрдү. Мунун конкреттүү себептери бар. Биринчиден, Илимдер академиясында иштегендиктен шакирттерди өстүрө алган жок. Тилекке каршы өз мектеби түптөлбөй калды. Эгерде ал бир окуу жайда иштесе, ошол жерде мектеби пайда болот эле".

"Некролог жазышкан жок"

Филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев замандашы эпиграфия тармагына эле эмес, энциклопедияга да эбегейсиз эмгек өтөгөнүн айтты. Кыргыз тарыхына эмгеги сиңген инсандын көзү өткөндө жогору жактын кылган мамилесин көрүп, кейигенин жашырбады.

Кадыралы Коңкобаев.
Кадыралы Коңкобаев.

“Кыргызстандын аймагында табылган Кыргыз каганатынан калган Энесай жазма эстеликтеринин бир топторун таап, бир топ изилдөө жүргүзгөн. Араб, чагатай ж.б. байыркы жазууларды изилдеген. Мындан сырткары кыргыз терминологиясы боюнча бир топ иштерди жасаган. Дагы бир жакшы кызматы Кыргыз-совет энциклопедиясынын башатында тургандардын бири болгон. 1970-жылдардын башында Бейшегүл Үмөталиева деген эже Кыргыз-совет энциклопедиясынын башкы редакциясын жетектеп турганда, Четин агай анын орун басары болуп бир топ жыл иштеди. Энциклопедиянын түптөлүшүнө, анын башталышындагы уюштуруу иштеринде эмгеги сиңген. 87 жашында акка моюн сунган тилчи-түрколог, окумуштуу Четин Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 24-майда Бишкектеги өз үйүндө өтүп, сөөгү Дордой жаңы конушу тараптагы көрүстөнгө жерге берилди. Шаар ичинен бир жер буюрбаганы өкүнүчтүү. Жогору жактагылар деле, илим тармагы деле некролог жазып койгонго жараган жок".

Тилчи-түрколог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Четин Жумагулов 1937-жылы Чүй облусунун Четинди айылында туулган.

1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.

1998-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 2000-жылы Түркиянын лингвистика коомунун ардактуу мүчөсү болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG