Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Министр Алайда талкаланган петроглифтерди көргөнү барды


Азамат Жаманкулов (оңдон экинчи) Алайга барган учуру.
Азамат Жаманкулов (оңдон экинчи) Алайга барган учуру.

Алайда талкаланган петроглифтердин бузулган бөлүгү калыбына келтирилет. Мындан ары эстеликтерди сактоо максатында, петроглиф эсепке алынып, жайгашкан жердин картасы жана коргоо зонасы тез арада такталат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Алайда талкаланган тарыхый эстеликтерди көргөнү барды.

2-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, петроглифтердин абалын жеринен иликтеш үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистер тартылган.

Алай районуна караштуу Мурдаш айылынын жайлоосундагы
Саймалуу таштар көмүр кенине карай жол салуу максатында талкалана баштаганы сентябрда ачыкка чыккан.

Жолду «Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому жаңы табылган көмүр кенине жетиш үчүн салган. Ишкананын жетекчилиги ишке берүүчү уруксат документтерди 2017-жылы эле алганын билдирген.

Кыргызстанда ташка чегилген жазуулар Чолпон-Атанын Сары-Ой айылында, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында, Алай районунун Үч-Дөбө айылында жана Ош шаарынын Сулайман тоосунда көп кездешет. (SE)

XS
SM
MD
LG