Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Көкбөрү оюну ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди


"Достук" менен "Ынтымак" командасынын оюнчулары "Нооруз-2018" мелдешинин финалында. Бишкек, 21-март, 2018-жыл.
"Достук" менен "Ынтымак" командасынын оюнчулары "Нооруз-2018" мелдешинин финалында. Бишкек, 21-март, 2018-жыл.

Көкбөрү ат оюну ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине” киргизилди. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева билдирди.

Солтонгелдиеванын айтымында, бул чечим улуттук комиссия менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, эксперттердин төрт жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, көкбөрүнү материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгиледи.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казахстан), лаваш, катырма, жупка, юфка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), көкбөрү салттуу ат оюну киргизилген.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген объектилер: Сулайман-Тоо ыйык тоосу, орто кылымдарга таандык шаарлардын урандылары: Чүй областында — Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) жана батыш Тянь-Шанда — (Сары-Челек, Падыш-Ата, Беш-Арал).

Азыркы кезде кыргыздардын салттуу баш кийими ак калпакты жана Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG