Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Саймалуу-Таш коругунун аймагындагы алтын кенди өздөштүрүү аракети көрүлүүдө


Бул тууралуу ушул аптада Жогорку Кеңеште өткөн кеңешмеде айтылды.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Тогуз-Торо районундагы “Макмал” алтын кенинин үзгүлтүксүз иштеши үчүн алтын кору бар жаңы участокту өздөштүрүү зарыл.

Бул үчүн Саймалуу-Таш коругунда жайгашкан Кылдоо кени тандалып алынган. Учурда коруктун аймагындагы жерлерди иштетүүгө уруксат алуу үчүн аны трансформациялоо иштери жүрүп жатат.

Экономика министрлигинин маалыматында, кенди иштетүүгө жалпысынан 100 гектар жер керек болсо, азыр анын 70 пайызы транформацияланды. Ушу тапта анын калган бөлүгүн которуу боюнча аракеттер уланууда.

Бийликтер бул кенди өздөштүрүүдө корукка зыян келбей турганын айтып жатышат.

Маалымат боюнча, “Кылдоо” кенинде алты тоннага жакын алтын кору бар жана ал “Макмалалтын” ишканасынын дагы 10 жылга чейин иштешин камсыз кылат.(BkA)

XS
SM
MD
LG