Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

Тилчи - түрколог Четин Жумагулов дүйнө салды


Четин Жумагулов.
Четин Жумагулов.

Тилчи-түрколог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Четин Жумагулов 23-майда 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаш түрколог Нурдин Усеев билдирди.

Четин Жумагулов 1937-жылы Чүй облусунун Четинди айылында туулган.

Анын илимий ишинин негизги багыты Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө болгон. Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка) изилдеп, илимий чөйрөдө бир катар жаңы эстеликтерди ачкан.

Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектин автору жана алар чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага оодарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG