Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

ИИМ Таласта үч адамдын өлүмүнө шектүү жок кылынганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун өлтүргөн деп шек саналып жаткан адам 24-майда кармоо учурунда жок кылынганын билдирди.

Мекеме ал тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылганын кошумчалады.

24-майга караган түнү Ак-Башат айылында келин эки баласы менен киши колдуу болгон. Бул факт Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынып, шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 48 жаштагы тургунуна издөө жарыяланган.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG