Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:40

БУУ Сребреницадагы геноцид тууралуу резолюцияны жактырды


Сребреницадагы кыргынды эскерүү. 2010-жылдын июль айы.
Сребреницадагы кыргынды эскерүү. 2010-жылдын июль айы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамбеясы бүгүн 23-майдагы чечими менен Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнүн бекитти.

Резолюцияга 84 өлкө «макул» деген добушун берди, 19у каршылыгын билдирди, 68и добуш берүүдөн карманды.

Катуу каршылыгын Сербия жана босниялык сербдердин жетекчилиги билдирди.

Резолюцияда Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) аймагында жайгашкан Сребреница шаарындагы 29 жыл мурдагы окуяны кыргын катары эскерүү күнүн негиздөө тууралуу жазылган.

1995-жылдын 11-июлунда, 1992-1995-жылдардагы Босния согушунун соңунда, БУУ “коопсуздук зонасы” деп жарыялаган Сребреница анклавынын чет жакасындагы Поточари кыштагында босниялык сербдердин куралчан топтору 8 миңден ашуун босниялык мусулман эркекти, анын ичинде эркек балдарды өлтүрүшкөн. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыргын болгон.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык трибуналы мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтеп чыгып, аны геноцид деп тааныган. 2007-жылы Эл аралык сот бул чечимди тастыктаган.

Жапырт кыргын үчүн сербдердин армиясынын жогорку офицерлери жана саясий лидерлери соттолгон. Алардын айрымдары өмүрүнүн аягына чейин камакка алынган.

11-июлду жыл сайын Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө тууралуу Германия жана Руанда сунуштаган резолюцияны АКШ, Франция жана башка өлкөлөр да колдоодо.

Резолюция Сребреницадагы окуяны геноцид деп тааныбагандарды жана ошол кылмышты жасагандарды даңазалаган аракеттерди айыптайт.

Серб республикасынын парламенти Босния согушу маалындагы Сребреница окуясын геноцид эмес деп атаган баяндаманы быйыл 18-апрелде колдогон.

«Геноцид болгон эмес, мындай квалификация четке кагылышы керек. Серб эли эч кандай геноцид жасаган эмес», – деп билдирген парламенттеги сөзүндө босниялык сербдердин лидери, Орусияга ыктаган саясатчы, Серб республикасынын президенти Милорад Додик.

Сербиянын президенти Александр Вучич да БУУда мындай резолюциянын кабыл алынышына каршы күрөшөрүн билдирген. Расмий Белград резолюция Босния жана Герцеговина мамлекети босниялык сербдердин аскердик союздашы болгон Сербиядан репарация талап кылышына негиз болуп бериши ыктымал деп кооптонууда.

Жыл сайын 11-июлда АКШда Сребреницадагы геноциддин курмандыктары эскерилип келет. Эгер резолюция Башкы Ассамблеяда колдоо тапса, эскерүү күнү окуянын 30 жылдыгына карата 2025-жылдан тартып эл аралык деңгээлде уюштурулуп турат.

Токсонунчу жылдардын башында мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG