Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

«Бир дүйнө-Кыргызстан»: Бейөкмөт уюмдар боюнча Жободо мыйзам чегинен чыккан пункт бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы Юстиция министрлигинин бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам боюнча иштеп чыккан Жобосунда бул мыйзамдын чегинен чыккан пункт бар деп эсептейт. Бул тууралуу кыймылдын 23-майда тараткан билдирүүсүндө айтылды.

Андай белгиленгендей, Жобонун 5-пунктунда негиздөөчүсү мамлекеттик орган болгон бейөкмөт уюм "чет өлкөлүк өкүл" деп таанылбай турганы жазылган. Бул, кыймылдын пикиринде, туура эмес. Анкени, мамлекеттик органдар негиздеген бейөкмөт уюмдар дагы "сырттан каржыланып", "саясий ишмердик" жүргүзө алат.

Мыйзамдын соңку редакциясына ылайык, бейөкмөт уюмдар сырттан каржылануучу, саясий ишмердүүлүк менен алектенүүчү уюм деп эсептелет жана Чет элдик өкүлдөр реестрине киргизилет.

Жобону Юстиция министрлиги 16-майда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык бекиткени, ал бейөкмөт уюмдарды Чет элдик өкүлдөр реестрине киргизүү, каржылык аудит жана текшерүү жүргүзүү жол-жобосун аныктай турганы белгиленди.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» Жобо менен өз алдынча таанышып чыкканын, демократиялык жана укуктук мамлекетте мындай документ дароо ачык жарыяланышы керектигин, бирок алигүнчө аны эч бир ачык булактан көрүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

Ошондой эле, кыймыл белгилегендей, Жобо боюнча бейөкмөт уюмдар өзүлөрү жана жарандык коом катышкан талкуу уюштурулган жок.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” деп аталган мыйзам 1999-жылдын 15-октябрында кабыл алынган. Быйыл 2-апрелде ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам иштей баштаган. Бул мыйзам коомчулукта Орусиянын эркин ойлонгон жарандарды, сөз эркиндигин жана бийликти сындагандарды басмырлоочу “чет элдик агент” мыйзамынын көчүрмөсү деп нааразылык жараткан. Сынын эл аралык уюмдар, донорлор да айткан. Бирок ошого карабастан мыйзам парламентте жактырылып, президент кол койгон.

2-апрелде, мыйзамга кол койгон күнү президент Садыр Жапаров “30 жылдан бери бири да чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз”, - деп айткан.

Бейөкмөт уюмдар ансыз да эң башынан эле мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

«Бир дүйнө - Кыргызстандын» билдирүүсү боюнча Юстиция министрлиги азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG