Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Улуттук борбор: Жетигендин кыйноого кабылганы боюнча Аскер прокуратурасы тергеп жатат


Аскат Жетиген.
Аскат Жетиген.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков акын, активист Аскат Жетиген абакта кыйноого кабылганы боюнча 9-апрелде арыз менен кайрылганын ырастады. Улуттук борбор ошол эле күнү активисттин арызы боюнча Аскер прокуратурасына кат жөнөткөн.

“9-апрелде Бишкек шаардык Аскер прокуратурасына кат жөнөткөнбүз. Апрелдин ортосунан кийин арыз каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы жөнүндө жооп келген. Аскат Жетиген арызында колун артка байлап, манжалардан ток өткөзгөн деп жатат”, - деди Рысбеков.

“Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып жаткан акын Аскат Жетиген 23-майда сотто көрсөтмө берип, 20-мартта кармалгандан кийин УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого алганын билдирди. Ал бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айтты.

Азырынча Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети Аскат Жетигендин билдирүүсүнө жооп бере элек.

Акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо Свердлов райондук сотунда уланды. Анда акын көрсөтмө берип, коюлган айыптарга макул эместигин билдирди. Кийинки отурум 28-майда белгиленди.

Акын 20-мартта кармалып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 8-майдагы алдын ала соттук угууда анын камактагы мөөнөтү 8-июлга чейин узартылган. Алгачкы соттук отурум 14-майда өтүп, айыптоо актысы 22-майда окулган.

Аскат Жетигенге 2024-жылы 15-мартта Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иши козголгон.

УКМК аны 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик Аскат Жетигенге карата иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына 19-майга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу") менен козголгон.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG