Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Жаза аткаруу кызматы: Аскат Жетиген тергөө абагында кыйноого кабылган жок


Аскат Жетиген.
Аскат Жетиген.

Жаза аткаруу кызматы Бишкектин тергөө абагында (ТИЗО-1) камакта отурган акын жана активист Аскат Жетигенге бул мекемеде күч колдонуу болбогонун 23-майда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө:

“Маектешүү учурунда айыпталуучу Жетиген уулу Аскат ТИЗО-1де кармалып турган мезгилде ага карата күч колдонуу жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берди. Анын жеке коопсуздугу жана ден соолугу боюнча кооптонуулары жок. Ошондой эле камактагыларга жана ТИЗО-1дин кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирди”, - деп айтылды.

Аскат Жетиген кыйноого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө кабылганын 23-майда сотто көрсөтмө берип жатып билдирген.

Ал "20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу", - деген жана бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.

Улуттук коопсуздук комитети өзүнө караштуу мекемеде Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

УКМК алгач аны 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу") менен козголгон.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG